"STEMдин студенттери ОшТУда интеллектуалдык таймашта алдыңкы орун"
“Маалымат — XXI-кылымдын байлыгы” интеллектуалдык таймашында II орун Бүгүн, 26.02.2026-жылы STEM инновациялык колледжинин Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн ТОСВТ жана АСОиУ адистигинин 1-курсунун студенттери Ош технологиялык университети тарабынан уюштурулган “Маалымат — 21-кылымдын байлыгы” аталышындагы университеттер аралык интеллектуалдык таймашка катышып, ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүштү. Таймашта студенттер өздөрүнүн билим деңгээлин, логикалык ой жүгүртүүсүн жана командалык иштөө жөндөмүн даңазалап, жыйынтыгында II орунду багындырышты. Жеңүүчүлөр диплом, сертификат жана баалуу белектер менен сыйланышты. Бул жетишкендик студенттердин талыкпас эмгегинин жана окутуучулардын сапаттуу билим берүүсүнүн жыйынтыгы болуп саналат. Колледждин жамааты студенттерди куттуктап, мындан аркы окууларында ийгиликтерди каалайт!
27.02.25 күнү ТОСВТиКС адистигинин 1-курсунун студенттери үчүн "Компьютершиктердин күнү" деген темада сабактан сырткары иш-чара болуп өттү.
Мында IT индустриясында иштеген бардык адистердин февраль айындагы кесиптик майрамдары камтылып, ушул багытта окуп жаткан студенттердин да майрамы экендигин видео тасмадан көрсөтүлдү. Иш-чаранын максатына ылайык болочок адисдердин окуп жаткан дисциплиналарына кызыгуусу артып, кесиптик билимдери жогорулады. 3-курстун студенти Турсунбаев Абдуллох системалык блоктун өндүрүмдүүлүгүн кантип жогорулатуу керектиги жөнүндө мастер-класс өттү. Андан кийин программа боюнча кичи жана жалпы топтогу студенттер үчүн оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.











