ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багытында системалуу жана максаттуу иштерди жүргүзүп келет. Чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар жана илимий мекемелер менен түзүлгөн кызматташтыктар окуу жана илимий процесстерге алдыңкы технологияларды жана эл аралык тажрыйбаларды кеңири киргизүүгө өбөлгө түзүүдө.

Эл аралык кызматташтыктын алкагында өнөктөш жогорку окуу жайлар менен туруктуу өз ара байланыштар жолго коюлуп, бир катар чет өлкөлүк университеттер жана илимий уюмдар менен кызматташуу келишимдери түзүлгөн. Алардын катарына Андижан мамлекеттик университети имени Бабура (2017), Худжанд мамлекеттик университети имени Гафурова (2018), Помор академиясы (Польша, 2018), Москва мамлекеттик ветеринардык медицина жана биотехнология академиясы (2019), Чирчик мамлекеттик педагогикалык институту (2019), Самарканд ветеринардык медицина институту (2020), Кокон мамлекеттик педагогикалык институту (2020), Ташкент Мал чарбачылыгы жана канаттуулар чарбачылыгы илимий-изилдөө институту (2021), Ташкент мамлекеттик агрардык университети (2021), Андижан айыл чарбасы жана агротехнология институту (2021) жана башкалар кирет.

Акыркы жылдары Институттун кафедраларынын чет өлкөлүк университеттер жана эл аралык уюмдар менен илимий-изилдөө багытындагы кызматташуусу кыйла активдешти. Бул профессордук-окутуучулук курамдын чет өлкөлөргө иш сапарлары, ошондой эле чет элдик өнөктөштөрдүн Институтка болгон расмий визиттери менен тастыкталат.

Институт эл аралык гранттык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып, инвестиция тартуу жаатында да алгылыктуу натыйжаларга жетишкен. Тактап айтканда, Европа Биримдигинин Erasmus+ программасынын алкагында ишке ашырылган эл аралык долбоорлор жана Швейцариянын Өнүгүү жана кызматташуу агенттигинин (SDC) колдоосу менен жүргүзүлгөн изилдөөлөр Институттун эл аралык деңгээлдеги илимий потенциалын тастыктайт.

Мындан тышкары, 2022-жылдан тартып «Ветеринария» багыты боюнча Самарканд ветеринардык медицина институту менен кош дипломдуу билим берүү программасы ийгиликтүү ишке ашырылып келет.