Институттун тарыхы
Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту – жогорку билим берүү жана илимий-изилдөө жаатында терең салтка ээ болгон, Ош мамлекеттик университети менен тең курактуу институт болуп саналат.
1939-жылдын 10-августунда Ош мугалимдер институту ачылып, 1940-жылы табият таануу-география адистиги боюнча студенттер кабыл алынган. 1944–1945-окуу жылында 59 студент кабыл алынган.
Ош мамлекеттик педагогикалык институту түзүлүп, табият таануу жана география кафедрасы ачылган. Ботаника, зоология, химия жана дене тарбия кафедралары иштеп, кийин факультет биология факультети болуп өзгөртүлгөн.
География багыты ачылып, факультет табият таануу жана география факультети болуп өзгөртүлгөн. Ак-Буура дарыясынын жээгинде агробиостанция түзүлүп, лабораториялар жана илимий эксперименттер жүргүзүлгөн. Кийин кайра биология факультети болуп иштеген.
География адистиги кайра ачылып, 1988-жылы факультет жаңы имаратка көчүп, материалдык-техникалык базасы жаңыртылган.
Айыл чарба бөлүмү ачылып, зооинженерия жана агрономия багыттары башталган. 1996-жылы агроэкология жана агроэкономика, 2001-жылы колдонмо геодезия адистиги ачылган.
Эки баскычтуу билим берүү системасына өтүү менен бакалавр жана магистратура программалары ачылган. Туризм багыты боюнча бакалавр жана магистрлер даярдала баштаган.
Ветеринария адистиги кайра ачылып, орто кесиптик билим берүү башталган. 2020-жылы агрономия багыты боюнча бакалаврларды даярдоо ишке киргизилген.
Факультет кайра түзүлүп, табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети болуп өзгөртүлгөн.
Структуралык өзгөрүүлөр
- 1990–1992-жж. — география факультети
- 2002–2009-жж. — география жана жаратылышты пайдалануу факультети
- 2005–2008-жж. — химия жана фармацевтика факультети
2019-жылдын 19-январынан бери:
Институтту г.и.д., профессор А.Г. Низамиев жетектейт.











