Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту
Бүгүнкү күндө институт түштүк аймакта гана эмес, Кыргызстандын жана Фергана өрөөнүнүн масштабында биология, химия, география, туризм, ветеринария, агрономия жана геодезия багыттары боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдаган таанылган билим берүү жана илимий борбор болуп эсептелет.
Институттун материалдык-техникалык жана окуу-усулдук базасы заманбап жогорку билим берүүнүн бардык талаптарына жооп берет, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык адистерди даярдоо үчүн толук шарттар түзүлгөн.
Кафедралар
| Кафедра | Башчысы |
|---|---|
| Ботаника жана биология | Эмилбекова Д.А. |
| Зоология жана экология | Абдыкааров А.М. |
| Химия жана технологиялар | Полотов И.Ж. |
| Физикалык география | Шербаева З.Э. |
| Экономикалык география жана туризм | Самиев К.Т. |
| Ветеринария жана биотехнология | Абдурасулов А.Х. |
| Агрономия жана колдонмо геодезия | Муратова Р.Т. |
Студенттер
Жалпы
2000
Күндүзгү окуу
595
Сырттан окуу
1240
Магистратура
165
Инфраструктура
- 31 аудитория жана лабораториялар
- 650 орундуу актовый зал
- 2 компьютердик класс
- Музейлер жана илимий борборлор
- 5000ден ашык экспонаты бар гербарий фонду
- 60000 китептик китепкана
- 5,8 га аянттагы ботаникалык бак
- Спорт зал жана футбол аянтчасы
Жаңылык
2023-жылдын 5-октябрында Ош шаарынын күнүнө карата заманбап 5 кабаттуу ветеринардык клиниканын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.











