Окуу, усулдук кеңеш

Урматтуу кесиптештер!
Биздин институттун окуу-усулдук кеңеши өзүнүн иштерин билимдин сапатын жогорулатууга, окуу программаларын жаңылоого жана эффективдүү окутуу методикаларын киргизүүгө багыттайт. Ар бириңизди методикалык иш-чараларда активдүү катышып, сунуштарды киргизип, тажрыйбаңыз менен бөлүшүүгө чакырам. Биргелешкен аракеттер менен биз билим берүү процессинин туруктуу өнүгүшүн камсыздап, жаңы профессионалдык бийиктиктерге жетише алабыз.

Урматтоо менен,
Окуу-усулдук кеңештин төрагасы
Ярматов Маматкадыр Осмонович










Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун окуу-методикалык кеңешинин

2025-2026-окуу жылында аткаруучу иштеринин планы

Институттун окуу-методикалык кеңешинде каралуучу маселелердин планы

Иштин мазмуну жана мөөнөтү

Жооптуу

1.

Сентябрь , 2025-ж.

1. 2025-2026- окуу жылында окуу-методикалык багыттагы аткаруучу иштерин планы.

2. Студенттердин билим сапатын диагностикалоо жана ага тиешелүү окууларды уюштуруу иштери

3. Кафедраларда ОМКнын төрага/төрайымдарынын 2025-2026-окуу жылы үчүн иш пландарын бекитүү

4. Ар түрдүү маселелер

Ярматов М.

2.

Октябрь, 2025-ж.

1. Окуу-методикалык багыттагы документациялардын, иш кагаздарынын абалы: (НББП, ДОМК, БКФ).

2. ОшМУнун “Заманбап лектор”, “Заманбап окутуучу”, “Педагогикалык дебют”, “Заманбап СӨАИ чебери”, “Заманбап окуу басылмасы”, “Заманбап ЭОМК (электрондук окуу-методикалык комплекси)” конкурстарынын жоболору менен таанышып, 2025-2026-оку жылы үчүн даярдык.

3. Ар түрдүү маселелер

Ярматов М.

3.

Ноябрь, 2025-ж.

1. Институттагы өз ара сабактарга катышуунун абалы, тажрыйба алмашуу, окуу процессиндеги компететенттүүлүк маселелеринин жолго коюлушу.

2. Иштелип чыккан жана бекитилген окуу-методикалык документтердин жоболорун ишке ашыруу үчүн иш-чараларды, семинарларды уюштуруу.

3. ПО курамдын жылдык рейтингин жүргүзүүдө жеке баракчаларды толтуруу боюнча атайын семинарларды өткөрүү

4. Ар түрдүү маселелер

Ярматов М.

План

Протоколдор

4.

Декабрь, 2025-ж.

1. ПО курамынын квалификациясын өркүндөтүү багытындагы маселелер (институттарда жүргүзүлгөн иш аракеттер, маалыматтык база, алдыга коюлган максаттар).

2. Кафедраларда ПО курамдын өз ара сабактарга катышуусу боюнча жобого ылайык иш алып баруу, сабактарга катышууну жөнгө салуу, көзөмөлдөө, мониторинг жүргүзүү

3. Ар түрдүү маселелер

Кафедра башчы

Ярматов М.

5.

Январь, 2026-ж.

1. Институттагы, колледждерде, кафедраларда учурдук, аралык (модулдук) текшерүүлөрдүн уюштурулуп-өткөрүлүшүнүн жыйынтыгын иликтөө. (БКФ сапаты).

2. ОшМУнун “Заманбап лектор”, “Заманбап окутуучу”, “Педагогикалык дебют”, “Заманбап СӨАИ чебери”, “Заманбап окуу басылмасы”, “Заманбап ЭОМК (электрондук окуу-методикалык комплекси)” конкурстарынын (электрондук окуу-методикалык комплекси)” конкурсунун университеттик этабын уюштурууга даярдык жөнүндө.

Ярматов М.

6.

Февраль, 2026-ж.

1. Институттагы ПО курамынын окуу-методикалык багыттагы иш аракеттеринин сапаты (2025-2026-окуу жылынын I жарымындагы институттарда сабактарга апталык катышуулардын жыйынтыгы).

2. ПО курамдын окутуучунун катышуусунда студенттин өз алдынча иштеринин (СРСП) уюштурулушун жана аткарылышын координациялоо

3. Ар түрдүү маселелер

Ярматов М.

7.

Март, 2026-ж.

1. 2025-2026-окуу жылында ОшМУнун “Заманбап лектор”, “Заманбап окутуучу”, “Педагогикалык дебют”, “Заманбап СӨАИ чебери”, “Заманбап окуу басылмасы”, “Заманбап ЭОМК (электрондук окуу-методикалык комплекси)” конкурстарынын (электрондук окуу-методикалык комплекси)” конкурсунун университеттик этабына катышуу.

2. Аккредитациядан өтүүчү программалардын окуу-методикалык документацияларынын жана сабактарынын сапатына мониторинг жүргүзүү

3. Ар түрдүү маселелер

Ярматов М.

8.

Апрель, 2026-ж.

1. Институттагы адистиктер боюнча НББПнын түзүлүштөрүнө анализ, билим берүүнүн сапатына ички баа берүүгө карата ички жана тышкы стейкхолдерлер ( студенттер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, жумуш берүүчүлөр, ж.б.) үчүн анкета жүргүзүүнүн натыйжалары.

2. Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын жылдык рейтингин жүргүзүү жөнүндө жобонун негизинде аткарылган иштерди талкуулоо.

3. Ар түрдүү маселелер

Ярматов М.

9.

Май, 2026-ж.

1. 2025-2026-окуу жылында ОшМУнун “Заманбап лектор”, “Заманбап окутуучу”, “Педагогикалык дебют”, “Заманбап СӨАИ чебери”, “Заманбап окуу басылмасы”, “Заманбап ЭОМК (электрондук окуу-методикалык комплекси)” конкурсунун университеттик этабынын жыйынтыгы жөнүндө.

2. ОшМУда окуу жана окуу-усулдук басылмалар менен камсыздоо жөнүндө жобо боюнча иш алып баруу

3. Ар түрдүү маселелер

Ярматов М.

10.

Июнь, 2026-ж.

1. 2025-2026-окуу жылында аткарылган окуу-методикалык багыттагы иштерди талдоо, баа берүү.

Отчет берүү 2025-2026 окуу жылындагы иштерге.

2. Ар түрдүү маселелер

Ярматов М.

Табият таануу, дене тарбия туризм жана агрардык технологиялар институтунун

методикалык кеңешинин төрагасы, улук окутуучу Ярматов М.