News

The Department of Agronomy and Applied Geodesy

Урматтуу кесиптештер, студенттер жана коноктор!

Сиздерди Агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын атынан чын дилден куттуктайм жана расмий түрдө салам жолдойм.

Биздин кафедра агрардык тармактагы заманбап билим берүү, илимий изилдөөлөр жана практикалык даярдоо иштерин өнүктүрүүгө багытталган. Максатыбыз — жогорку кесиптик деңгээлге ээ болгон, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо.

Бул багытта окутуучулар жамааты тынымсыз эмгектенип, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илимий-изилдөө иштерин кеңейтүү жана студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүп келет.

Сиздерди биздин кафедра менен тыгыз кызматташууга, илим жана билим чөйрөсүндөгү жаңы жетишкендиктерди биргеликте жаратууга чакырам.

Ишибизде ийгиликтерди, ал эми студенттерибизге мыкты окуу жетишкендиктерин каалайм!

Урматтоо менен,
Муратова Рахима Темирбаевна
б.и.к., доцент
Агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын башчысы