Эл аралык байланыштар программасы 531600- "Аймак таануу" магистратура
Эл аралык ишмердүүлүк КРнын колдонуудагы мыйзамдарына, эл аралык укуктук актыларга, ЖОЖдордун уставдарына, чет мамлекеттердин билим берүү мекемелери менен эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларга ылайык уюштурулуп, ЖОЖду дүйнөлүк билим берүү жана илимий коомчулукка толук масштабдуу интеграциялоого жетишүүгө багытталган.
ОшМУнун ЭАББЖМП ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири илимий жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү эл аралык кызматташтык болуп саналат. ОшМУнун жогорку окуу жайларынын эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары чет өлкөлүк университеттер менен кызматташуу, окуучулардын эл аралык академиялык мобилдүүлүк программаларын өнүктүрүү, ири эл аралык илимий жана билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу болуп саналат. Алдыңкы багыттардын бири катары ОшМУнун ЖОБФнин эл аралык ишмердүүлүгү төмөнкүлөрдү камтыйт: чет өлкөлүк университеттер менен кызматташуу, студенттердин эл аралык академиялык мобилдүүлүк программаларын өнүктүрүү, ошондой эле ири эл аралык илимий жана билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу.
Жыл сайын магистранттар менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүп келет. студенттер тандап алган кесибин толук кандуу өздөштүрүп, илимий материалдар менен таанышып турушу үчүн
Программа боюнча эл аралык байланыштар көптөгөн чет элдик өнөктөш университеттер менен түзүлгөн. Алардын катарында Киото Минсай Эл аралык академиясы (Япония), Кансай япон тилинин эл аралык борбору (Япония), Синьцзян педагогикалык университети (Кытай), Батыш Чехиядагы Богемия Университети (Чехия), Түштүк Урал мамлекеттик университети (Россия), Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети (Казакстан) жана башкалар бар. Чыгыш тилдерин сапаттуу окутуу жана студенттердин билимди жакшы өздөштүрүшү үчүн жыл сайын Кытайдан, Кореядан жана Япониядан окутуучулар жана ыктыярчылар тартылат.
531600-«Аймак таануу» магистратурасынын профессордук-окутуучулар курамы Япония, Түштүк Корея Республикасы, Кытай, Германия, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларында стажировкадан өтүп, ар түрдүү эл аралык программаларга жана долбоорлорго активдүү катышып келишет.