Аудиторный фонд
«Дене тарбия»
ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде «Дене тарбия» дисциплинасын ишке ашыруу, ошондой эле студенттердин окуудан тышкаркы спорттук-ден соолукту чыңдоо иш-чараларын уюштуруу үчүн шарттар түзүлгөн.
Колледждин аймагында жалпы аянты 258 чарчы метр болгон ачык спорттук аянтча бар, ал волейбол жана баскетбол боюнча сабактарды өткөрүүгө ылайыкталган. Аянтча спорттук белгилер, шакекчелери бар баскетбол калкандары, волейбол мамылары жана сетка менен жабдылган. Окуу сабактарын, машыгууларды жана спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн колдонулат.
Окуу корпусунун жертөлөсүндө бир эле учурда 30га чейин студентти батыра турган спорттук мини-зал жайгашкан. Зал жалпы физикалык даярдык үчүн тренажерлор (күч тренажерлору, гантелдер, отургучтар жана башка спорттук шаймандар) менен жабдылган. Залда ошондой эле стол теннисинин столу орнотулган, студенттердин стол оюндары жана спорттук эс алуусун уюштурууга мүмкүнчүлүк бар. Спорттук объектилер коопсуздук техникасынын талаптарына жана санитардык нормаларга жооп берет, билим берүү процессинде үзгүлтүксүз колдонулат.
Спорт зал


Спорттук объектилердин иштөө режими:
Дүйшөмбү – Жума: 08:00 – 17:00
Ишемби: 08:00 – 14:00 Жекшемби: эс алуу
Спорттук объектилер техникалык жактан канааттандырарлык абалда жана студенттердин ден соолугун чыңдоо жана сергек жашоо образын калыптандыруу үчүн шарттарды камсыз кылат.


Башкы корпус


Конференция залы



Компьютердик каана