Конок лекциялар

ВШМОП УрГЭУ менен кызматташат

Бүгүн бизге Урал мамлекеттик экономика университетинин делегациясы ГСОМОПто конокко келди, анын курамында: Шарова Екатерина Николаевна - Студенттерге параллелдүү жана кошумча кесиптик билим берүү борборунун директору; Рудич Валерий Владимирович - практикалык укук мектебинин негиздөөчүсү, юридика илимдеринин доктору, юрист; Бахтеева Елена Ивановна – юридика илимдеринин кандидаты, УМУнун мамлекеттик укук кафедрасынын башчысы. Өзүнүн презентациясында Шарова Екатерина Николаевна Медицина жана оптика жогорку мектебинин студенттерине Студенттердин параллелдүү жана кошумча кесиптик билим берүү борбору жөнүндө кеңири маалымат берди. Менеджмент жана мамлекеттик башкаруу жогорку мектебинин студенттери ЖУУСУнун экинчи дипломун алуу мүмкүнчүлүгүн берген параллелдүү кесиптик билим берүү маселесин активдүү талкуулашты. Ошондой эле биргелешкен билим берүү программалары тууралуу сөз болду.



Фотогалерея

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Россия жана Евразия интеграциясы бөлүмунүн Аймак таануу программасынын окутуучулары 2024-жылдын 25-ноябрынан 27-ноябрына чейин Өзбекстан Республикасынын Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунда иш сапарында болуп келишти. Иш сапардын жүрүшүндө окутуучулар Кутушева Н.Т. “Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүндөгү жашыл экономика”, улук окутуучу Бабакулова Р.Б. “Долбоордук окутуу заманбап педагогикалык технологиялардын контекстинде” жана Асанахунова З.М. “Илимий текстти которуунун кээ бир өзгөчөлүктөрү” деген темаларда студенттерге конок лекцияларды да окуп келишти.





Профессор Т. Уметов конок лекцияда

Бүгүн, 2024-жылдын 13-февралында, ЭАББПЖМнын Россия-Евразия интеграция бөлүмүндө профессор Т.Уметов "Башталгыч билим берүү.Англис тили" жана "Аймак таануу" программаларынын студенттерине "Балдарды ар тараптуу өнүктүрүүдө элдик оюндар" аттуу лекция окуду. Конок-лекция интеррактивдү оюндар менен коштолуп, кайтарым байланыш жасалып, студенттер пайдалуу педагогикалык жана психологиялык маалыматтарга ээ болушту.


Бүгүн ПЕРЕТОнун аймактык консультантынын конок лекциясы болду

Бүгүн Түрк тилдерин интеграциялоо бөлүмүнүн «Туризм» жана «Аймак таануу» программаларынын студенттери үчүн «Туризм секторун өнүктүрүү үчүн энергияны, ресурсту үнөмдөөчү жана сууну үнөмдөөчү чараларды ишке ашыруу жана туруктуу өндүрүш жана керектөө» темасында ПЕРЕТОнун аймактык консультанты Нурланбек Ирисов конок лекциясын өткөрдү. “Кыргызстандын туризм секторунда энергияны жана ресурстук эффективдүүлүктү илгерилетүү” долбоору (PERETO) Борбордук Азиядагы Америка Университети (БААУ) өнөктөш уюмдар: UNISON Group (Кыргызстан), Technopolis Group (Бельгия), Туруктуу керектөө жана өндүрүш боюнча кызматташуу борбору – CSCP (GG) менен консорциумда ишке ашырылууда. Долбоордун максаты – Кыргызстандын туризм секторундагы чакан жана орто ишканалардын арасында туруктуу өндүрүш жана керектөө практикасын жана энергияны жана ресурстук эффективдүүлүктү илгерилетүү аркылуу энергетикалык коопсуздукка жана туруктуу өсүүгө көмөк көрсөтүү. Консультант Нурлан Мырза студенттерге HORECA ишканалары үчүн жаңы энергия, ресурстарды үнөмдөөчү жана сууну үнөмдөөчү технологиялар тууралуу айтып берди, аларды үйдө, өзгөчө айыл жергесинде колдонууга болот. Мындан тышкары, студенттер ишканалардын жана үйлөрдүн жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн жашыл каржылоонун түрлөрү менен таанышты. Лекцияны Туризм программасынын окутуучусу, PhD Айнура Досуевна Кулназарова уюштурду.


ВШМОПто Кыргызстандагы эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгү” деген темада конок лекциясын өткөрдү.

2023-жылдын 28-ноябрында ВШМОПто “Кыргызстандагы эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгү” деген темада конок лекциясы болуп, ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин бүтүрүүчүсү, ЕККУнун Эл аралык өнүгүү академиясынын “Саясат жана коопсуздук” адистиги боюнча магистратура, А.А.А лекцияларды окуйт, анда ал эл аралык уюмдарда иштөө боюнча практикалык тажрыйбасы менен бөлүшөт, ошондой эле донордук жардамдын натыйжалуулугу жана натыйжаларды контекстке келтирүү сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланат.


Эки өлкөнүн университеттери конок лекция уюштурушту

2020-жылдын 22-майында «Билим берүү технологиялары» темасында Воронеж мамлекеттик университетинде уюштурулган конок лекциясына ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары жогорку мектебинин орус жана евразиялык интеграция кафедрасынын башчысы, доцент Акматова Д.А., директордун тарбия иштери боюнча орун басары, доцент Орозов Максатбек жана 50дөн ашык студенттер катышты. Факультеттин доценти Наталья Николаевна Беленова жана доцент Екатерина Борисовна «Тыюу салууга болбойт» аттуу теманы окуп беришти, эки тараптын педагогикалык жамааты мындан аркы кызматташуу боюнча пикир алмашышты, ошондой эле лекциялардан кийин студенттер заманбап технологияларды талкуулап, бири-бирине кызыктыруучу жолугушуулар болду Москвадагы башкаруу жана коомдук илимдер мектебинин профессору Асранкулова Айканыш жана Воронеж мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинин студенттик кеңешинин төрагасы Артем Кожура.


Кыргызстандагы БУУӨПтун гендердик консультанты С.К.Боронбаева конок лекция өттү

Бүгүн, 2022-жылдын 6-декабрында, ЭАББПЖМнын Россия-Евразия интеграциялоо бөлүмүндө, Кыргызстандагы БУУӨПтун гендердик консультанты С.К.Боронбаева "Гендердик линза аркылуу" аталыштагы конок лекция өттү. Бул лекция "Гендердик зомбулукка каршы" аттуу 16-күндүк кампаниянын алкагында "Аймак таануу" жана "Башталгыч билим берүү. Англис тили" программасынын чакыруусу менен уюштурулду. Гендердик стереотиптер жана гендердик сезимтал мамилелер, ошону менен катар коомдогу гендердик индикаторлор талкууланып, суроолор берилип жооптор алынды.



ОшМУ менен БААУнун кызматташтыгы жана конок лекция

Бүгүн Ош МУга Борбордук Азиядагы Американын университетинен (БААУ) окутуучусу (антрополог) магистр Такахаши Юми айым студенттери менен конокко келип, ОшМУ нун эл аралык мамилелер бөлүмүнүн проректору А.О. Абдувалиев менен жолугушуу болду. Юми айым келечекте ОшМУ менен биргеликте келечекте жасалуучу иштер жөнүндө маектешүү болду. Жакынкы аралыкта ОшМУ – БААУ менен биргеликте академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча жалпы эле маалымат алмашуу менен кыскача маанилүү лекция окуду.


Психолог-тренер менен конок лекция

2022-жылдын 21-октябрында кесипкөй психолог-тренер Борбиева Гулипа Аманбаевна Медициналык жана мамлекеттик башкаруунун Жогорку мектебинин, Регион таануу программасынын, ORIEI бөлүмүнүн студенттери үчүн «Команда түзүү, жеке мамиле, күйүп кетүү, мотивация» деген темада конок лекция-тренинг өткөрдү. Студенттер тарабынан оң пикирлер жана алардын потенциалын жогорулатуу үчүн жума сайын конок лекцияларын өткөрүү өтүнүчү айтылды.



Фотогалерея

Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессору, техника илимдеринин кандидаты Өмүрбекова Гүлзат Кочкорбаевна “Эл аралык мамилелер жана санариптик дипломатия”, “Башталгыч билим берүү. Англис тили» жана ОРЕИ ВШМОПтун «Аймак таануу» «Интернетте иштөөдө маалыматтык коопсуздук» деген темада. Лекцияны талкуулоодо ар бир адам үчүн санариптик жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун эң актуалдуу маселелери көтөрүлдү.






2024-ЖЫЛДЫН 16-СЕНТЯБРЫНАН 20-СЕНТЯБРЫНА ЧЕЙИН КОНОК ЛЕКЦИЯЛАРЫНЫН ЖУМАЛЫГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ.


Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде Корея Республикасындагы Гуанджу университетинин тышкы иштер башкармалыгынын проректору Профессор Ким Гап Ёнг Корея Республикасынын өнүгүү себептери аттуу конок лецияларды РЕИ бөлүмүнүн аймак таануу жана эл аралык санариптик дипломатия программасынын студенттери активдүү катышты.



Кезектеги конок лекция

"Аймак таануу" багытында окуган студенттер ар түрдүү кружоктор Сапарбаева Айнуранын жетекчилигинде сабактан кийин студенттердин ар тараптуу өнүгүүсү үчүн откорулуп жатат. "Психология" кружогунун алкагында 14.10.2022-жылы Сагынбаев Эмил психология боюнча жалпы түшүнүк берип, 1-курска келген студенттерге жүрүм-турум, баарлашуу, достошуу, конфликттердин алдын-алуу сыяктуу маселелер боюнча студенттер менен болгон жолугушууда талкуу өткөрдү.


ЭАББПЖМда “Жапон маданияты” күнүнө арналган конок лекция өткөрүлдү

2021-жылы 24-декабрда Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Россия жана Евразия интеграциялоо бөлүмүнүн Аймак таануу программасынын студенттерине KJFF (Кыргыз Жапон достук фонду) фондунун түштүк аймак боюнча өкүлү Тецуо АСАНО мырза менен конок лекция окуду.


2021-жылдын 23-декабрында программанын жетекчиси К.Ж.Султанова «Аймак таануу», «Математика жана информатика» программаларынын студенттери үчүн Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Туратбек кызы Айпери менен жолугушуу уюштурду. Бул жолугушууда студенттер пресс-катчынын функционалдык милдеттери, анын сот системасындагы жана ММКдагы иши менен таанышты.


Kарлос Руфин, АКШ, Суффолк Бостон университетинин профессору, фулбрайт программасынын катышуучусу ВШМОПко келип, «Аймак таануу» программасынын студенттерине тажрыйба алмашуу боюнча лекция окуп кетти (21.12.2021)


2021.10.08 күнү "Корей тил" Күнүнө карата корей тили боюнча Кыргыз республикасындагы корей элчилиги Ли Вон Джэ конок лекция окуду.