Бүгүн 1-март 2024-жылы ЭАББПЖМнын Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграция бөлүмүнүн окутуучусу Толгонай Жусуева "Genis Zaman" деген темада ТМТ(б)-1-22 тайпасына ачык сабак өттү. Сабакта студенттер активдүү катышып окутуучу тарабынан интерактивдүү усулдар менен бышыкталды. 6(алты) окутуучу катышып жакшы пикирлерди беришти. Сабак жаңы технологияларды пайдалануу менен өттү.
ОРЕИ бөлүмүнүн улук окутуучусу Айнура Сапарбаева "Эл аралык мамилер жана санарип дипломатия" адистигинин 2-курсунун студенттерине “Геноцид- Руанданын мисалында” аттуу темада ачык сабак англис тили предметинен өттү. Ачык сабакка 6(алты) окутуучу катышып, жакшы пикирлерин билдиришти.
Бүгүн 1-март 2024-жылы ЭАББПЖМнын Россия жана Евразия интеграция бөлүмүнүн улук окутуучусу Амантур Култаев "Кытай-жапон мамилелери" деген темада РВ(б)-1-20 тайпасына ачык сабак өттү. Сабакта 7(жети) окутуучу катышты жана анализ берилди. Сабак көрсөтмөлүү жана план иштелмесине так дал келет. Интерактивдүү доска жана таратмалар менен иштелди. Окутуучу коюлган максаттарга Жана күтүлүүчү натыйжаларга жетише алды.
2023-жылдын, 7-декабрында Россия-Евразия интеграция бөлүмүнүн окутуучулары Б.Шайдуллаев "Берилген аркылуу өткөн берилген векторго параллель перпендикуляр багытталган түз сызыктын теңдемеси" жана З.Исраилбекова "Условные программы" деген темада ачык сабак өтүштү. Сабакка Сапат бөлүмүнөн жана ЭАББПЖМдан окутуучулар катышты жана сабакка анализ беришти