Протокол №9

ОШМАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

ТАБИЯТ ТААНУУ, ТУРИЗМ ЖАНА АГРАРДЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

Химия жана химиялык технологияларкафедра сынын 2023-жылдын

3-февралындагы кезектеги жыйынынын №9-иш кагазынан

КӨЧҮРМӨ

3-февраль, 2023-жыл

Катышкандар:Полотов И.Ж. – т.и.к, доцент, кафедра башчысы, Алтыбаева Д.Т. – х.и.д., профессор, Абдуллаева М.Д. - т.и.д., профессор, Сүйүнбекова А.С. - х.и.к., доцент, Абдулазизов Т.А. х.и.к., доцент, Жапаров Ө.Т. - х.и.к., доцент, Сапаров К.К. х.и.к., доцент, Кеңешов Б. М. – х.и.к., доцент, программа жетекчиси, Мирзаева М. Р. – х.и.к., доцент, Ярматов М.О. –ага окутуучу, Орозматова Г. – х.и.к., доценттин м.а., Осмонова А.А. –окутуучу, Кошназарова Ч.К. – окутуучу., Исмаилова Б. А. – лаб. башчысы, Дөөлөтова Г.Ө.-улук лаборант, Асанова Э.-лаборант, Субанов Т.-методист.

Күн тартибиндеги маселелер:

1. 520100 – “химия” багыты боюнча магистрлерди даярдоонун ЖКББ ЖБМС дагы жобосун жетекчиликке алуу менен окуу планын түзүү жана бекитүү.

2. Тандоо курстары үчүн дисциплиналарды магистрлерге презентациялоону уюштуруу.

Угулду: «Химия жана химиялык технологиялар» кафедрасынын башчысы, т.и.к.,доцент Полотов И.Ж. күн тартибиндеги маселе жана программа боюнча мамлекеттик стандарттагы кредиттердин бөлүнүшө боюнча кеңешменин мүчөлөрүн тааныштырды.

Каралуучу маселе боюнча сөздү программа жетекчиси Б.Кенешовго берди.

Кеңешов Б.М. 2023-2024-окуу жылына карата 520100 - “химия” багыты боюнча магистрлерди даярдоо үчүн окуу планынын болжолдуу планын сунуштады.

Жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр: т.и.д., профессор Абдуллаева М.Д, х.и.д., профессор Алтыбаева Д.Т., х.и.к., доцент Сапаров К.К., х.и.к., доцент Сүйүнбекова А., х.и.к., доцент Кенешов Б.М. окуу планынын туура өзгөртүлгөндүгүн билдиришти.

Окуу планынан “Атмосфераны изилдөө методдору” дисциплинасы чыгарылып, анын ордуна “Илим изилдөөнүн методдору жана методологиялары” дисциплинасы киргизилди.

Талкууга катышкандар жогорудагы айтылган кафедра мүчөлөрүнүн сунуштарын толук колдошоорун айтышты.

2-маселе боюнча ПОК тарабынан профилге ылайыктуу, окутуучулардын илимий иштерине байланыштуу дициплиналарды сунуштоо жана сунуш кылынган дисциплиналар боюнча презентациялоо милдеттендирилди.

Бардык сунуш-пикирлер эске алынуу менен окуу планын бекитүү боюнча токтом кабыл алынды

Токтом кылат:

1. 2023-2024 – окуу жылы үчүн 520100 – “химия”багыты боюнча окуу планына жогорудагы сунушталган дисциплиналар киргизилип, бекитилсин.

2. 2023-2024 - окуу жылына профилге байланыштуу тандоо курстары боюнча ПОК өз адистигине байланышкан дисциплиналарды сунуштоо менен, магистрлерге презентациялашсын.

Кеңешменин төрагасы, т.и.к., доцент: Полотов И.Ж.

Кеңешменин катчысы, х.и.к., доценттин м.а.: Орозматова Г.Т.