Протокол 14

ОШМАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

ТАБИЯТ ТААНУУ, ТУРИЗМ ЖАНА АГРАРДЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

Химия жана химиялык технологияларкафедра сынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги кезектеги жыйынынын №14-иш кагазынан

КӨЧҮРМӨ

25-апрель, 2023-жыл

Катышкандар:Полотов И.Ж. – т.и.к, доцент, кафедра башчысы,Алтыбаева Д.Т. – х.и.д., профессор, Абдуллаева М.Д. - т.и.д., профессор, Сүйүнбекова А.С. - х.и.к., доцент, Абдулазизов Т.А. х.и.к., доцент, Жапаров Ө.Т. - х.и.к., доцент, Сапаров К.К. х.и.к., доцент, Кеңешов Б. М. – х.и.к., доцент, программа жетекчиси, Мирзаева М. Р. – х.и.к., доцент, Ярматов М.О. –ага окутуучу, Орозматова Г. – х.и.к., доценттин м.а., Осмонова А.А. –окутуучу, Кошназарова Ч.К. – окутуучу., Исмаилова Б. А. – лаб. башчысы, Дөөлөтова Г.Ө.-улук лаборант, Асанова Э.-лаборант, Субанов Т.-лаборант, жумуш берүүчүлөрдүн: Бабеков А.У.(ОГПУ, каф. башчы), Адахамов Б. ( Ош обл. КИКМЖ, Ош шаардык ОАА жана МСАКБ), Бепиев Э. (Шаардык ИИБ эксертиза борбору), Айдарали кызы Айнагул (Шаардык ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору), магистранттар.

Күн тартибиндеги маселелер:

1. 520100 – “химия” багыты боюнча магистрлерди даярдоо боюнча НББПсынын максаттарын жана окутуунун натыйжаларын (ОН) түзүү, талкуулоо жана бекитүү;

2. Ар түрдүү маселелер.

Угулду. Төрага, кафедра башчысы Полотов И.Ж.:ОшМУнун илим, билим, тарбия берүү, өнүктүрүү багытындагы жана эмгек рыногундагы, учурдун жана кызыккан тараптардын суроо-талаптарын эске алуу менен ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 7 жыйынынын протоколу менен миссиясы кабыл алынды:

“Жалпы адамзаттык баалуулуктарга ээ болгон жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуучу заманбап адистерди даярдоо”.

ОшМУнун миссиясы ОшМУнун http://www.oshsu.kg/ сайтында берилген. Ал бардык профессордук окутуучулук курамга, көмөкчү кызматкерлерге жана студенттерге жеткиликтүү. Андан сырткары ОшМУнун сайты аркылуу бардык кызыктар тараптар тааныша алышат. Миссиянын өзгөргөндүгүнө байланыштуу НББПнын максаттары жана ОН кызыктар тараптардын ички жана тышкы стейкхолдерлердин катышуусунда талкууланып кабыл алынышы керек. Ошого байланыштуу сиздерди талкууга активдүү катышып, өзүңүздөрдүн сунуш-пикирлериңиздерди берүүңүздөрдү суранам. Сиздерге таркатылган баракчаларда тиешелүү материалдар бар. Таанышып чыккан соң суроолор болсо бериңиздер.

НББПнын максаттары:

1-максат: Билим берүү жана илим изилдөө жараянында социалдык мобилдүүлүккѳ жана эмгек рыногундагы атаандаштыкка өбөлгө түзүүчү, жалпы адамзаттык баалуулуктарга ээ болгон билимдүү, маданияттуу, жоопкерчиликтүү адистерди даярдоо.

2-максат: Коомду химия илимдеринин мазмуну, теориялык негиздери, практикалык мааниси боюнча билимдери жеткиликтүү калыптанган, жаратылыш ресурстарын химиялык жактан илимий негизде үйрөнүп, аларды коомдун туруктуу өнүгүүсүндөгү иш аракеттерге сарамжалдуу пайдаланууга багыт берүүчү, компетенттүү, жогорку профессионалдык деңгээлдеги адистер менен камсыздоо.

Кимде кандай толуктоолор, сунуштар бар?

Жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр: т.и.д., профессор Абдуллаева М.Д, х.и.д., профессор Алтыбаева Д.Т., х.и.к., доцент Сапаров К.К., х.и.к., доцент Абдулазизов Т.А., х.и.к., доцент Кенешов Б.М. НББПнын максаттары туура аныкталгандыгын билдиришти. Талкууга катышкандар жогорудагы айтылган кафедра мүчөлөрүнүн сунуштарын толук колдошоорун айтышты.

НББПнын окутуунун натыйжалары (ОН) төмөндө келтирилген:

1-ОН. Химия илиминин учурдагы философиялык көйгөйлөрүн, коомдун өнүгүшүндөгү социалдык-экономикалык, жарандык – демократиялык, перспективалуу маселелерди инновациялык көз караш менен чечүүгө, билим берүү жана илим изилдөө чөйрөсүндө компьютердик технологияларды, чет элдик маалыматтарды өздөштүрүү менен иш аракеттерди жүргүзүүгө жөндөмдүү адистер калыптанат.

2-ОН. Жалпы адамзаттык баалуулуктарга ээ болгон жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуучу, ар тараптан өнүккөн инсандарды калыптандырууда: окутуунун ата мекендик, чет элдик инновациялык технологияларын өздөштүргөн жана өз алдынча өркүндөтүүгө жөндөмдүү, аларды өз ишмердүүлүгүндө чыгармачылык менен колдонуучу адистер даярдалат.

3-ОН. Илим изилдөөдөгү теориялык материалдарды талдоого, фундаменталдык проблемаларды аныктоого, заманбап приборлорду жана методдорду колдонуу менен өз алдынча илимий эксперименттерди жүргүзүүгө, алардын жыйынтыктарын интерпретациялоого жөндөмдүү адистер калыптанат.

4-ОН. Учурдагы экологиялык проблемаларды эске алуу менен химиялык өндүрүштөрдөгү инновациялык технологияларды өздөштүрүүгө, эффективдүүлүгүн арттырууга, чийки заттарды комплекстүү пайдаланууга, долбоордук жана патенттик изилдөөлөрдү ишке ашырууга салымын кошо алуучу адистер даярдалат.

5-ОН. Билим берүү жана илим изилдөө системасындагы, өндүрүштөрдөгү учурдагы жанакелечектеги көйгөйлөрдү талдай билүүчү, аларды чечүүдө: улуттук, чет элдик стратегиялык, талдоочулук, уюштуруучулук, башкаруучулук ж.б. принциптерди колдонуу менен коллективдүү чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү адистер калыптанат.

1-ОН, 2-ОН жана 3-ОН билим берүү программасынын 1-максатын, ал эми 3-ОН, 4-ОН жана 5-ОН билим берүү программасынын 2-максатын ишке ашырат. ББП Максаттары жана Окутуу натыйжалары жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына (ЖКБ МБС) шайкеш келет .

Отурумдун жүрүшүндө жогорудагы сунушту колдогон кенешменин катышуучулары жарыш сөздөргө чыгышып, күн тартибинде каралган маселелер боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.

ТОКТОМ:

1. Негизги билим берүү программасынын максаттарын жана окутуунун натыйжаларын сунуш-пикирлерди эске алуу менен кабыл алынып, бекитилсин.

Токтомго добуш берүүнүн жыйынтыгы:

“Макул” – 25;

“Каршы” – жок;

“Калыс” – жок.

Химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын

кеңешмесинин төрагасы, т.и.к., доцент: Полотов И.Ж.

Кеңешменин катчысы, х.и.к., доценттин м.а.: Орозматова Г.Т.