

ОшМУнун факультеттер, колледждер арасында шахмат болуп өттү. Ага жалпы медициналык дисциплиналар циклынын окутуучулары Исираилов Нургазы Кенжебаевич жана Ашыралиев Темирлан Туралиевич катышып, женишке ээ болушту.

Циклдын окутуучусу Исираилов Нургазы Кенжебаевич Москва мамлекеттик университети (МГУ) тарабынан уюштурулган спорттун шахмат түрү боюнча 1-орунга ээ болду.



2026-жылдын 21-февралында Ош МУнун медициналык колледжинин «Дене тарбия бөлүмү» ПЦКсы директордун тарбия иштери боюнча орун басары Ж.А.Исманалиева менен биргеликте 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата агайлар арасында волейбол, стол тенниси, кол күрөш оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты сергек жашоо образын жайылтуу жана жамааттын ынтымагын бекемдөө. Иш- чараны медициналык колледжинин директорунун окуу иштери боюнча орун басары п.и.к., доцент Д.К.Торобаева, Ош МУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы б.и.к., доцент Саттаров Абсамат Эрмаматович жана медициналык колледжинин «Дене тарбия бөлүмү» ПЦКсынын башчысы И.Ф.Сулаймановалар ачып беришти жана кызуу куттукташты. Мелдеш достук жана атааңдаштык маанайда өтүп, уюштуруучуларга терең ыраазычылык айтылды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, мындай иш-чаралар келечекте да улантылаары белгиленди. Ошондой эле медициналык колледждин кесиптик бирлик комитети тарабынан медициналык колледждин агайлар арасында бильярд оюну боюнча мелдеш уюштурулду. Мелдештин жүрүшүндө агайлар катышып, жыйынтыгында .Волейбол боюнча Конобаев Нематилла Жунусбаевич 2мыкт оюнчу наминациясы менен, Ашыралиев Темирлан теннис боюнча 3-орунду алышты. .


Бүгүн 7-март 2026-жыл күнү 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата ОшМУнун медициналык колледжинде айымдар үчүн спорттук иш-чара уюштурулуп, жогорку маанайда өттү. Иш-чара колледждин дене тарбия бөлүмү жана директордун тарбия иштери боюнча орун басары биргеликте уюштурулуп, жамаат эжекелер активдүү катышышты. Иш-чаранын ачып берүү үчүн медициналык колледжинин директору, м.и.к.доцент З.С. Арынов.ОшМУнун прафком уюмунун төрагасы А.Э. Сатаров жана дене тарбия бөлүмүнүн башчысы И.Ф.Сулайманова эжекелерди айымдарды 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен жылуу куттуктоо сөздөр айтылып, катышуучуларга ийгилик каалап, спорттук оюндар кызыктуу жана атаандаштык маанайда өттү. Катышуучулар өздөрүнүн шамдагайлыгын жана биримдигин көрсөтүштү. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчү командалар аныкталып, аларга дипломдор жана акчалай белектер тапшырылды. Кол күрөш боюнча Каримова Назира Абдыганыевна 2-орун, шахмат боюнча Жумабаева Айнагүл Абдуллаевна 3-орун, ал эми волейбол боюнча 4-орунду багындарды Бул иш-чара айымдарга майрамдык маанай тартуулап, сергек жашоо образын жайылтууга жана жамааттын ынтымагын бекемдөөгө чакырып кетти. .














