
2026-жыл 26-май күнү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде маанилүү иш-чара өттү!
Колледжде «Билим берүү – практика – иш берүүчү: кызматташуунун жаңы багыттары» темасында тегерек стол уюштурулду. Негизги максат — «Физикалык терапия», «Акушердик иш» жана «Медициналык айым иш» адистиктеринин билим берүү программаларын дагы да өркүндөтүү болду. Иш-чарага стейкхолдерлор, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр катышып, кызуу талкуу жүрдү. Суроо-жооптор берилип, анкета толтуруу аркылуу маанилүү сунуштар кагаз жүзүндө да калтырылды. Коноктор колледждин жетекчилигине ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты бекемдөөгө кызыктар экенин айтышты. Тегерек столду колледждин директору Г. А. Сулайманова ачып, программа жетекчилери Г. К. Нуржанова, К. Абдукеримов жана К. Качкынов адистиктер боюнча баяндама жасашты. Иш-чараны уюштурууга жана жогорку деңгээлде өткөрүүгө ПЦК башчылары И.П.Рахманбердиев, Р.О.Жумалиева жана колледждин окутуучулар жамааты: Э.Каримбаев, А.Жакып кызы, Н.У.Аилчинова, А.Хамидова, Н.Г.Арыкова, Т.У.Мусурманова, А.Тойгелди кызы, Б.Муратова, С Мырзабекова, Бакыт Кочкор уулу өздөрүнүн чоң салымын кошушту.
шилтемени басыңыз
2024-жыл 14-февраль күнү Өзгөн эл арылык медициналык колледжинде “Медициналык айым иши” адистигинин негизги кесиптик билим берүү программасы боюнча “Жумуш берүүчүлөр аркылуу НКББПнын натыйжалуулугу” аталышындагы тегерек стол болду. Тегерек столго кызыктар тараптар (стейкхолдерлер): жумуш берүүчүлөр, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр жана окутуучулар чакырылган. Тегерек стол “Медициналык айым иши" адистигинин негизги кесиптик билим берүү программасын стейколдерлер менен биргеликте талкулоо мксатында өткөрүлдү.
шилтемени басыңыз











