2025-жыл 26-ноябрь күнү саат ОшМУнун башкы корпусунда Ош шаарындагы ЖОЖдордун билим жана илим кызматкерлеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары жана төрайымдары үчүн «Билим берүү уюмдарындагы кесиптик бирликтин ролу: укуктар жана милдеттер» аттуу окутуу семинары болду.
Семинарды КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов. Семинар Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын алдындагы Эмгек Институтунун Профсоюзу менен биргеликте уюштурулду. Иш-чарага Борбордук комитеттин аппарат кызматкерлери жана ОшМУ, ОШТУ, КӨЭАУ, ОШМПУ келген 70тен ашуун баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери катышты.
Семинарда эмгек укуктары, эмгек мыйзамдары, баштапкы уюмдардын ишмердүүлүгү, алардын ишти натыйжалуу уюштуруу көндүмдөрү жана кесиптик бирликтин эмгек институту боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Окутуунун жыйынтыгында катышуучуларга атайын тастыктоочу сертификаттар тапшырылды.
1-октябрь – Карылар күнүңүздөр кут болсун!
2025-жыл 1-октябр күнү ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде билим берүү тармагына эмгегин арнап, көп жылдар бою жаш муунду окутуп-тарбиялап келген улуу муундагы окутуучуларга урмат көрсөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө колледждин аксакал окутуучуларына ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин акчалай сыйлыгы тапшырылды. Сыйлыктарды колледждин директорунун м.а. Г.Сулайманова, директордун орун басары Э.Каримбаев жана кесиптик комитеттин төрайымы салтанаттуу түрдө тапшырып, ар бир окутуучуга ыраазычылык билдиришти.
Куттуктоо сөзүндө билим берүү тармагына кошкон зор эмгеги, жаш адистерди тарбиялоодогу салымы жана коомдук иштерге активдүү катышуусу белгиленип, аксакал окутуучуларга бекем ден соолук жана узак өмүр каалашты.
Ар дайым жайдары маанайда болуп, уул-кыздарыңыздардын сый-урматын көрүп жүрө бериңиздер!

2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы менен ОшМУнун кесиптик комитети уюштурган Ыссык-Көлдөгү жайкы эс алууга Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин окутуучулары Хамидова Абида жана Нуржанова Гулзада барып келишти.

ОшМУнун ректордук баллы- 2025
ОшМУнун жамааты мугалимдер күнүн белгилешти
2024-жыл 8-октябрь күнү мугалимдер күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде салтка айланган салтанаттуу кече уюштурулду. Майрамдык иш-чарага ОшМУнун бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, окумуштуулар, тажрыйбалуу педагогдор, жаш адистер жана алардын катарында Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин окутуучулары катышышты.
Карысы бардын ырысы бар
ОшМУнун кесиптик комитети төрагасы А.Э.Саттаров башында турган кесиптик бюролордун төрагалары тарабынан 1-октябрь "Улгайгандардын эл аралык күнүнө" карата майрамдык салтанат уюштурушту.
Труд нашего преподавателя был оценен профессиональным комитетом
В начале 2024-2025 учебного года один из наших трудолюбивых преподавателей Жаанбаев Зулайка Нажимидиновна была награждена Почетной грамотой Ошского областного комитета профсоюза работников образования и науки ко Дню независимости государства.
ОшМУга 85 жыл
2024-жылы 28-май күнү ОшМУнун 85 жылдык маарекесине карата ОшМУда окутуучулук-профессордук курамга сыйлык тапшыруу аземи болду.
8 марта 2024 года
За многолетний упорный труд и вклад в становление колледжа преподаватель ПЦК «ОГСЭД» С.Р.Султанова удостоена звания «Заслуженный работник ОшГУ», заместитель директора по учебной работе Г.А.Сулайманова получила денежную награду, а лаборантка колледжа М.А.Кыдыршаева награждена знаком «Благадарность».
ОшМУга 85 жыл
2024-жыл 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө жана ОшМУнун 85 жылдык юбилейине карата ОшМУнун кесиптик комитети уюштурган бильярд боюнча мелдешке окутуучу Муратов Искандер жана офис-регистратор Айдар уулу Мухамбет-Юсуб катышышты.











