
ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИ МЭЭРБАН ИШИ КАФЕДРАСЫ
МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕГИ ЖОГОРКУ МЭЭРБАН ИШИ БАГЫТТАРЫНДА ОКУП ЖАТКАН СТУДЕНТТЕРГЕ «Мыкты медайым» 11.04.2024 ж. КВН-ОЛИМПИАДА ӨТКӨРҮЛДҮ
Методикалык комиссия: Төрага: Мамашов Нурбек Максутович - медицина факультетинин илимий иштер боюнча декандын орун басары, м.и.к.доцент. Комиссиянын мүчөлөрү: 1. Матаипова А.К. - каф.башчысы, х.и.к., улук окутуучу 2. Султанов К.Д. - улук окутуучу 3. Бабекова Н.А. - окутуучу 4. Бекташева У.К. - окутуучу 5. Абдырахун кызы М. - окутуучу 6. Исаходжаева М.А. - окутуучу
СЕКЦИЯ «Жогорку мээрбан иши» Секциянын максаты – студенттердин жогорку мед айымдык дисциплинасын тереңдетип үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу, студенттердин илимий потенциалын өнүктүрүү. Медицина факультетиндеги жогорку мед айымдык ишинин студенттеринин арасында атаңдашуу жана достук байланыштарды түзүү.
«Жогорку мээрбан иши» секциясы боюнча олимпиаданын конкурстары/этаптары: олимпиадага медицина факультетинде жогорку мед айымдык иши багытында окуган 3-4-курстардан 17 студенттер катышышты. Биринчи этап. Саламадашуу; видео-ролик. (Командалар саламдашат жана аттары тааныштырылат, команда: 1. 3-курстар боюнча 10 студент. 2. 4-курстар боюнча 7 студент.
Бир команда 5 мин ичинде саламдашуусу керек видео-роликке 5-10 минута. Жалпы командага 35 мин) (Жюрийлер баалайт). 2. Экинчи этап. Медициналык манипуляция боюнча мед айымдык манипуляция практика жузундо аткаруу. Ортодо чыгармачылыктарды аткаруу: интермедия, атайын ыр жазуу, оюн зоок чыгармалар ж.б.).
Мөөнөтү: Бир команда 8 мин ичинде аткарыш керек. Жалпы командага 40мин. (Жюрийлер баалайт). 3. Үчүнчү этап. Kahoot тест боюнча 10 суроо (10 мин.) Убакыттын бөлүштүрүлүшү: 1-этапка 35 мин., 2-этапка 40мин., 3-этапка 10 мин. Баары: 85мин.
Жыйынтыктоо. Жюрийлер тарабынан “Мыкты команда”, «Мыкты медайым» ж.б. номинациялары боюнча сыйлыктар тандалып, аларга мүнөздөмө берилди. КВН-Олимпиаданын аягында мыкты студенттер жана мыкты команда тандалып женүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү.
Cтуденческая конференция в кафедре "Лабораторное и сестринское дело"

Студенческая конференция на уровне медицинского факультета












