«Эл аралык мамилелер жана санариптик дипломатия»
эксперименталдык программасы тууралуу маалымат
Санариптик технологиялардын тездик менен өнүгүшү жашоонун бардык тармактарына, анын ичинде эл аралык мамилелерге дагы чоң таасирин тийгизүүдө. Ар түрдүү элементтерди, байланыштарды жана дипломатиялык процесстерди камтыган эл аралык мамилелер системасы бүгүнкү күндө барган сайын санариптик мүнөзгө ээ болууда.
Азыркы учурда бул системада жаңы багыттар калыптанды. Алардын катарына санариптик дипломатия, маалымат дипломатиясы, киберкоопсуздук жана кибердипломатия, интернетти глобалдык башкаруу, ошондой эле санариптик шайлоо технологиялары кирет.
Санариптик дипломатия чөйрөсүндө чоң маалыматтардын аналитикасы эл аралык уюмдарда, тышкы иштер министрликтеринде, эл аралык маалымат каражаттарынын санариптик платформаларында жана коомдук дипломатиянын катышуучулары арасында кеңири колдонулат. Мунун натыйжасында санариптик дипломатия акырындык менен маалымат дипломатиясына айланууда.
Тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө жана эл аралык мамилелер чөйрөсүндө санариптик технологиялардын өнүгүшүнүн шартында «Эл аралык мамилелер жана санариптик дипломатия» аттуу жаңы эксперименталдык багытты ачуу зарылдыгы жаралды.
- бул программага тапшыруучу абитуриенттердин саны жыл сайын өсүүдө;
- студенттер стартап-долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга активдүү катышууда;
- эл аралык илимий студенттик конференцияларда байгелүү орундарды багындырууда;
- программанын студенттери ОшМУнун мыкты студенттеринин катарына кирип, жогорку жетишкендиктерди көрсөтүүдө.
Сүрөт галереясы
Программанын жашоосунан жана ишмердүүлүгүнөн ирмемдер











