“Work Where You Are” долбооруна катышуу
ВШМОПтун ОРЕИ бөлүмүнүн «Эл аралык мамилелер жана санариптик дипломатия» багыты боюнча студенттери улук окутуучу А. А. Сапарбаеванын жетекчилиги астында Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги тарабынан каржыланган “Work Where You Are” долбооруна катышып, англис тилин жана туризмдин негиздерин үйрөнүштү. Долбоорго Кыргызстандын төрт облусунан жаштар катышты. Катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу менен долбоордун салтанаттуу жабылышы 2024-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад шаарында уюштурулду.
×











