HISTORY OF THE COLLEGE
Колледждин тарыхы Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен ректордун 2020-жылдын 28-февралдагы №7 протоколунун негизинде STEM инновациялык колледжи түзүлгөн. Колледждин директорлугуна профессор К.Кожобековдун буйругунун негизинде философия илимдеринин кандидаты, доцент Абдылакимова Бегайым Кенжематовна дайындалган. Профессионалдык дисциплиналар бɵлүмү. 2020- жылы Профессионалдык дисциплиналар бөлүмү түзүлүп, бөлүм башчылыкка география илимдеринин кандидаты, доцент Сатыбалдиев Байсал Салиевич дайындалып, азыркы учурга чейин жетектеп келүүдɵ. Адистештирилген дисциплиналар бɵлүмү 2020-2021 окуу жылы үчүн жалпысынан окутуучуларды комплектация жүрүп, техникалык дисциплиналар цикли түзүлүп, жетекчиликке техника илимдеринин кандидаты, доцент Султанов Саит Кожонович дайындалган. 2022-жылы Техникалык дисциплиналар предметтик циклы Адистештирилен дисциплиналар бөлүмү болуп өзгөрүп, бөлүм башчы кызматка бөлүмдүн окутуучусу Маразаков Шавкат Адылбекович дайындалып жетектеген. Ал эми 2023-жылы Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн бөлүм башчысы болуп бөлүмдүн окутуучусу Кубатов Нурлан Кушбакович дайындалып бөлүмдү жетектеп жатат. Информациялык технологиялар бөлүмү., 2022-жылдын 26-август айында №3200-ФХД/22 буйругунун негизинде “230110 Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” билим берүү программасы STEM инновациялык колледжинин курамына которулуп келген. Сатаров Арзымат Эминовичтин жетектеп келүүдɵ. Информациялык-коммуникациялык дисциплиналар циклы Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу 2022-жылдын 26-август айында №3200-ФХД/22 буйругунун негизинде STEM инновациялык колледжинин курамына «Информациялык технологиялар» аталыштагы бөлүмдүн курамында которулуп келди. Циклды Шакиров Кылычбек Курбанбекович жетектеп келүүдө.