Бөлүмдүн окуу-усулдук комплекси
Окутуучулар, ф.и.к., доцент Таалайкан Исакова, Асылбек Айтманбетов жана Ырысгүл Орозбекова агай-эжекелердин биргеликте авторлош болуп, орто окуу жайларынын студенттери үчүн кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча окуу куралы жарыкка чыкты. Эмгекте кыргыз тили жана адабияты практикалык курсу дисциплинасын өздөштүрүү үчүн жумушчу окуу программадагы грамматикалык жана лексикалык материалдар, жалпы кошумча тексттер тиркелди. Аларды өздөштүрүүдө студенттерди сабаттуулукка, сөздүн маанилерин түшүнүүгө, иш кагаздарын үйрөнүүгө, кеп ишмердүүлүгүн жана сөз байлыгын өстүрүүгө багытталган көнүгүүлөр, акын-жазуучулар тууралуу маалыматтар берилди.