“Университет жана иш берүүчү” 04.02.2026 Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда “Университет жана иш берүүчү” темасында иш-чара болуп өттү. Иш-чарага ар түрдүү: банктардан, курулуш тармактарынан, электр энергия тармактарынан, өндүрүш ишканаларынан, ошондой эле мектептерден жана билим берүү мекемелеринен жетекчилер катышты. Мындан тышкары Ноокат, Араван, Кара-Суу райондорунан жана Өзбекстандан келген иш берүүчүлөр да болду. Катышуучулар заман талабына жооп берген кадрларды даярдоо боюнча баалуу сунуштарын айтып, активдүү талкуу жана суроо-жооп форматында пикир алышты. Заман талабына ылайык кадр даярдоо — ОшМУнун негизги милдеттеринин бири. Бул багытта сырткы иш берүүчүлөрдүн сунуш-пикирлери өзгөчө мааниге ээ. Мындай жолугушуулар университет менен эмгек рыногунун ортосундагы кызматташууну чыңдап, бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусуна жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына шарт түзөт.
Кытай Эл Республикасынын Нанкин технологиялык институтунан делегация келди
26-27-март күндөрү делегация МФТИТ институтуна иш сапары менен келди.
Делегациянын курамы:
1. Хуанг Вей, Информациялык инженерия факультетинин деканы;
2. Чжу Хао, Байланыш тармактары жана жасалма интеллект факультетинин деканы;
3. Ли Давей, Big Data бөлүм башчысы;
4. Хан Чжэчжэ, Жасалма интеллект бөлүм башчысы.
Тимур Дадахановдон конок лекция: Администрлөө жана байланыш тармактары
2025-жылдын 7-мартында "Элкат-Ош" компаниясынын техникалык директору Дадаханов Тимур Ибрагимович студенттерге "Информациялык системаларды жана байланыш тармактарын администрлөө" аталышындагы конок лекция окуду.
Лекция 510700, 710400 жана 710100 багыттарынын студенттерине арналып, байланыш тармактарынын өзгөчөлүктөрү жана практикалык колдонулушу тууралуу кеңири маалымат берилди.
МГУнун профессору Родкин Михаил Вдадимировичтин лекциясы
01.09.2024. Жолугушууда институттун профессордук окутуучулук курамы жана студенттери катышып, заманбап илимий маселелер талкууланды.
Робототехника жана жасалма интеллект: Аскар Сулайманов менен онлайн-конференция
14-март күнү Плимут университетинин бүтүрүүчүсү, Лондондогу машиналык окутуу инженери Аскар Сулайманов студенттерге робототехниканын келечеги тууралуу баяндама жасады.
Компьютердик лингвистика: Профессор Г. Калмандын конок лекциясы
29.11.2024-жыл. Ш. Уалихан атындагы Кокшетау университетинин профессору көп тилдүү тексттик корпустарды түзүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча лекция өттү.











