XI АЙМАКТЫК СТУДЕНТТИК КОНФЕРЕНЦИЯ
"Студент жана илимий-техникалык прогресс" аттуу аймактык студенттик конференцияда МФТИТ институтунун Информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрациялоо адистигинин МОАИС(б)-1-22 тайпасынын студенттери Насирова Бубуке жана магистрант Айтмаарак кызы Уркия сертификатка ээ болушту. Илимий жетекчиси-Абдилазизова А. Орозбай кызы Калида сертификатка ээ болду. Илимий жетекчиси-Тойгонбаева А.
МЫКТЫ СТАРОСТА
Окуудагы мыкты жетишкендиктери, коомдук иштерде активдүү катышып, өзүнүн үлгүлүү жүрүм туруму менен айырмаланып, МИТ факультетине спорттук жана маданий салым кошкондугу үчүн МОАИС(б)-1-23 тайпасынын студенти Жусубали уулу Дүйшөн "МЫКТЫ СТАРОСТА" номинациясы менен сыйланды.
ВОЛЕЙБОЛ ТУРНИРИ
Жердештер аралык волейбол турниринде Исаев Нуртилек "Мыкты коргоочу" номинациясын алгандыгы үчүн сыйланат. 2023-жыл.
СПАРТИАКИАДА (ОРДО)
2022-жылдын 20-сентябрь "Эл аралык студенттик спорт күнүнө" карата өткөрүлгөн спартиакиадада спорттун ордо түрү боюнча мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн МОАИС(б)-1-22 тайпасынын студенти Исаев Нуртилек диплом менен сыйланды.
МИТ ТАЛАНТТАРЫ-2023
"Smart" командасы МОАИС(б)-1-23 группасы, мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн сыйланды.
МУКАМДУУ ҮН-2023
"МИТ таланттары-2023" сынагында өзүнүн өзгөчөлүгү менен айырмалангандыгы үчүн МОАИС(б)-1-23 тайпасынын студенти Джомартова Айчүрөк сыйланды.
STUDTALANT
"STUDTALANT" вокалдык конкурсунда активдүү катышкандыгы үчүн МОАИС(б) факультетинин студенти Джомартова Айчурөк ДИПЛОМ менен сыйланды.
КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА Ч.АЙТМАТОВ ААЛАМЫ
КР Мамлекеттик тилинин 34 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарага активдүү катышкандыгы үчүн Жусубали уулу Дүйшөн Ыраазычылык Кат менен сыйланды.
ДИПЛОМ
Окуудагы мыкты жетишкендиктери жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Нурбек кызы Мадина ДИПЛОМ менен сыйланды.











