Проффессордук-окутуучулук курамдын илимий -изилдоо иши

Профессор Зина Караеванын урматына арналган Симпозиум илим, билим жана искусствону бириктирди. 11-октябрда Бишкекте профессор Зина Караеванын академиялык салымына арналган "Семиотика жана өмүрдүн семиозу" эл аралык ОДИД-2025 симпозиуму өттү. Иш-чара МУКТУН ("Жаштар борбору", Л.Толстой көч., 17а/1) аянтчасында гибриддик форматта өтүп, гуманитардык жана табигый илимдердин окумуштууларын жашоо тууралуу дисциплиналар аралык диалог үчүн бириктирди. Программада пленардык лекциялар, секциялар, тегерек столдор, семиоз лабораториялары, постердик сессия жана улуттук экспонаттардын көргөзмөсү болуп өттү. Симпозиумдун жыйынтыгы боюнча катышуучулар мындан аркы кадамдарды белгилешти: "Жашоонун семиотикалык тибинин" концептуалдык картасын даярдоо, тексттердин дисциплиналар аралык корпусун түзүү жана биргелешкен долбоорлорду жана басылмаларды өнүктүрүү..