Жаңылыктар Àðõèâ

Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө кафедрасы
«Жалпы билим берүүчү мектептердеги музыкалык тарбия» темасында илимий-усулдук доклад окулду 2026-жылдын 11-ноябрында Педагогика жана искусство факультетинин Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө кафедрасынын улук окутуучусу П. А. Мангиева тарабынан «Жалпы билим берүүчү мектептердеги музыкалык тарбия» деген темада илимий-усулдук доклад сунушталды. Усулдук баяндаманын алкагында мектеп окуучуларынын инсандык калыптанышындагы актуалдуу маселелер илимий-теориялык жана практикалык өңүттөн талдоого алынып, төмөнкү негизги багыттар камтылды: • Музыканын тарбиялык потенциалы: Окуучуларга адеп-ахлактык жана эстетикалык тарбия берүүдө музыкалык искусствонун ролу жана мааниси. • Учурдагы абалды талдоо: Жалпы билим берүүчү мектептердеги музыкалык-эстетикалык тарбиялоо процессинин бүгүнкү күндөгү жагдайы. • Окуу-методикалык камсыздоо: Балдардын ар тараптан шайкеш өнүгүүсүн шарттаган «Музыка» сабагынын азыркы шарттагы абалы, колдонуудагы окуу программаларынын жана окуу китептеринин мазмундук сапаты, алардын заманбап билим берүү стандарттарынын талаптарына шайкештиги.


Ноокат районунун Алымкул Усонбаев атындагы орто мектепте профориентацияда.




30 апрель 2020ж, ОшМУнун искусство факультетинин "Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлоо" кафедрасы менен биргеликте Б. Бейшеналиева атындагы. КММИУнун" Салттык музыка жана фольклор" кафедрасы " "Маданий окуу жайлардагы дистантык окутуунун күнгөй тескейлери" аттуу онлайн конференциясын өткөрүштү.

Конференциянын ишин "Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлоо" каф. башчысы ф.и.к. доцент Боронбаев А.Ж. жана "Салттык музыка жана фольклор" каф. башчысы Кочорбаев С. алып барышты