Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитети – административдик-башкаруу жана профессордук-окутуучулар курамынын кызматкерлерин, окуу-көмөкчү персоналын, аспиранттарды, изденүүчүлөрдү, магистранттаржана студенттердибириктирген республикадагы эң ири коомдук уюмдардын бири. Анын тарыхы 1939-жылдан, Ош мугалимдер институту түзүлгөн учурдан башталып, 9 окутуучу жана жүзгө жакын студенттер институттун профсоюз комитетинин алгачкы жамаатын түзүшкөн. Алгач профсоюз уюму жергиликтүү комитет деп аталган.
1951-жылы мугалимдер институту педагогикалык институт катары кайра түзүлгөндө, 29 окутуучу, 350 студенттен турган ОшПИнин профсоюз комитети уюшулган. Окуу жайдын профкомунун алгачкы төрагасы болуп Сражидин Байбеков иштеген (1951-1955).
Анын демилгеси менен институттун профсоюз уюму Гүлчөдөгү балдар үйүнүн тарбиялануучуларын шефтикке алып, бир топ жыл балдарды азык-түлүк жана кийимдер менен камсыздап турушкан.
Кийинки жылдары уюмдун жетекчилери болуп А.Приев (1955-57-ж.), М.Абдулина (1957-61-ж.), С.Кравченко (1961-64-ж.), Ж.Шериев (1964-68-ж.), А.Пирматов (1968-69-ж.), Е.Штрауфман (1969-71-ж.), О.Карашев (1971-73-ж.), Ж.Асанбеков (1973-78-ж.), К.Назаров (1978-83-ж.), Б.Токторалиев (1983-87-ж.), С.Абдугулов (1987-99-ж.), Б.Иметов (1999-2004-ж.), А. Аккуловдор (2004-2020-ж.) иштешкен. 1960-жылдары профсоюздун демилгеси менен Арсланбапта институттун жайкы спорттук - ден соолукту чыңдоо лагери уюшулган. Ал жерде институттун студенттери жана окутуучу, кызматкерлери эс алышып, ден соолуктарын чыңдап турушкан. Ушул жылдары институттун башкы имаратында жана № 2 жатаканасында профсоюздун демилгеси менен ашканалар ачылган. Уюмдун өтүнүчү менен институттун 20 окутуучусу шаардык бийлик органдары тарабынан турак-жай менен камсыздалган.
1971-жылдан институттун профкомунун төрагасы бошотулган кызмат катары киргизилген. Ага чейин бул кызмат коомдук башталышта болуп келген эле. 1970-80-жылдары институттун профсоюз уюмунун ишмердиги бир топ жогорулаган. Бардык факультеттерде профсоюздук активдер шайланып, структуралык түзүмдөр толук кандуу иштей баштаган. 1977-жылдан 50 орундуу профилактория ачылып, мында жылына 1200-1300 студенттер ден соолугун чыңдап турушкан. Студенттик медициналык пункт иштей
баштаган. Ушул мезгилде 17 окутуучу турак-жай менен камсыздалган. 1992-жылы окуу жайыбыздын университет статусун алуусу профсоюз уюмунда да жаңы деңгээлге багыттады. Жаңы адистиктердин ачылышы менен студенттик контингенттин жана жогорку кесиптик окутуучулук-профессордук курамдын санынын өсүүсү аркылуу ОшМУнун профсоюзу да өсүп отурду. ОшМУнун профсоюз комитетинин 2020-жылдын 20-февралында өткөн XXXIV конференциясынын токтомдору менен анын төрагасы болуп биология илимдеринин кандидаты Саттаров Абсамат Эрмаматович шайланып, бүгүнкү күндө иштеп келүүдө.
Учурда ОшМУнун Профсоюз комитети КРнын “Профсоюздар жөнүндө”, “Жамааттык келишимдер жөнүндө” мыйзамдарынын, Эмгек кодексинин талаптарына ылайык жана Ош мамлекеттик университетинин профкому менен администрациясынын ортосунда кабыл алынган Жамааттык келишимде көрсөтүлгөндөй, эмгек жамаатын укуктук жана социалдык жактан коргоо, эмгекти жана саламаттыкты коргоо, кызматкерлер менен студенттердин эс алуусун уюштуруу чараларын иштеп чыгып сунуштайт жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт.
Өзүнүн уставдык милдеттерине ылайык ОшМУнун профкому тарабынан баштапкы профуюмдардын лидерлери үчүн окуу семинарлары, ошондой эле өз ишмердигин жакшыртуу боюнча ишчаралар ырааттуу өткөрүлүп турат. Комитет эмгекти коргоо, жумуш шарттарын жакшыртуу, илимий-педагогикалык чыгармачылыкты колдоо жана кызматкерлерди сыйлоо, эмгек акыны жогорулатуу жана эмгекти материалдык жактан стимулдаштыруу боюнча сунуштарды берет. Профсоюздун муктаж мүчөлөрүнө дайыма материалдык жардам көрсөтүлөт, маданий-массалык жана сопрттук иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлөт, майрамдык жана белгилүү даталар салтанаттуу белгиленет. 2010-жылдын март айынан баштап Студенттик Акыйкатчы аппаратынын иштери профкомдун жетекчилиги алдында жүргүзүлүүдө. Бул мезгил ичинде окуу жайыбыздагы ачыктыкты, таза сессияны, студенттердин укуктарын коргоону, аларга сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерди профкомдун төрагасы, доцент А.Аккуловдун жетекчилигинде Студенттик Акыйкатчылар – профкомдун төрагасынын студенттер менен иштөө боюнча орун басарлары Ахмадалиев Алмаз (2009-2011-ж.ж.), Жеңишбек уулу Аскарбек (2011-2013-ж.ж.), Кубанычбек уулу Нурсултан (2013-2015-ж.ж.), Акбаралиев Өмүрбек (2015-2017-ж.ж.), Орозали уулу Бектурсун (2017-2019-ж.ж.), Абдырахманов Адилет (2019-2021-ж.ж.), Жумабаев Бекжан (2021-2023), Майрамбек уулу Баястан (2023-2024), Метинали уулу Бектур 2024-жылдан бери иштеп келүүдө.
Азыркы учурда университеттин Ош шаарында эки саламаттыкты чыңдоочу борбору,
«Ак-Буура» эс алуу зонасы, ошондой эле, Ысык-Көлдүн жээгинде бир агымда 120
эс алуучуну кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ «Үмүт» пансионаты бар. Билим берүү
жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитети тарабынан Ош
шаарындагы ЖОЖдор арасында жыл сайын уюуштурулуп өткөрүлгөн спорттук
мелдештерде ОшМУнун командасы катары менен алты жолу 2013-жылдан бери
биринчи орунду ээлеп келе жатат.
Азыркы учурда
ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы, биология илимдеринин кандидаты,
доцент
Саттаров Абсамат Эрмаматович
ОшМУнун профсоюз комитетинин профбюро төрага-төрайымдарынын тизмеси
1-апрель 2026-жыл
|
№ |
Фамилиясы, аты |
Иштеген жери |
|
1. |
Саттаров Абсамат Эрмаматович |
ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы |
|
2. |
Турдубаев Бакыт Абдилатович |
Профсоюз комитетинин эмгекти коргоо боюнча башкы адиси |
|
3. |
Калбаев Умирбек Маткасимжанович |
Профсоюз башкы эсепчиси |
|
4. |
Айтыкулова Айжаныл |
Профсоюз комитетинин башкы адиси
|
|
5. |
Мадмаров Мидин Маматович |
Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун профбюро төрагасы |
|
6. |
Сансызбаев Алтынбек |
Админ. чарба департаментинин профбюро төрагасы |
|
7. |
Табалдыев Нурбек Алинбекович |
Тарых-юридикалык институту нун профбюро төрагасы |
|
8. |
Аспердиева Чынара Мейманалиевна |
Филология жана маданият аралык коммуникация институту нун профбюро төрайымы |
|
9. |
Аскаров Гулжигит Рустамбекович |
Дипломдон кийинки мед. билим берүү факультетинин профбюро төрагасы |
|
10. |
Шанызак уулу Жылдызбек |
Педагогика, искусство жана журналистика институту нун профбюро төрагасы |
|
11. |
Жороев Атабек Митаевич |
Текшерүү комис.н төрагасы |
|
12. |
Мамыров Нурсултан Азамбекович |
Медицина факультетинин профбюро төрагасы |
|
13. |
Ботобеков Абдирасил Сайпидинович |
Медклиниканын профбюро төрагасы |
|
14. |
Ыманов Улукбек Сайдакрамович |
Финансы-юридикалык колледжинин профбюро төрагасы |
|
15. |
Бекмурзаева Айнура |
Теология факультетинин профбюро төрайымы |
|
16. |
Султанов Мирбек |
Медициналык колледжинин профбюро төрагасы |
|
17. |
Тойгелди кызы Айчүрөк |
Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин профбюро төрайымы |
|
18. |
Сагынбаева Нурила Токуровна |
“Билим” окуу тарбия комплексинин профбюро төрайымы |
|
19. |
Сулайманова Айжан Айчыбековна |
Башкаруу бөлүмүнүн профбюро төрайымы |
|
20. |
Пулатов Шахабидин Хамдамович |
Арашан гуманитардык институтунун профбюро төрагасы |
|
21. |
Мурзакулова Кайрыхан |
“Ыйман” окуу тарбия комплексинин профбюро төрайымы |
|
22. |
Нуруев Мирлан Камалович |
Эл аралык медицина факультетинин профбюро төрагасы |
|
23. |
Шамшиев Нурбек
|
Кыргыз-Кытай факультетинин профбюро төрагасы |
|
24. |
Султанова Арууке Медетбековна |
Эл аралыкбилимбер үү программаларынын жогорку мектебинин профбюро төрайымы |
|
25. |
Носиров Шерзодбек |
Чыгыш таануу институтунун профбюро төрагасы |
|
26. |
Мамасадыков Айбек Ураимжанович |
Индустриалдык-педагогикалык колледжинин профбюро төрагасы |
|
27. |
Сманалиев Дастан Бейшеналыевич |
STЕM иновациялык колледжинин профбюро төрагасы |
|
28. |
Жанибек уулу Улукбек |
Эл аралык билим берүү программалары колледжинин профбюро төрагасы |
|
29. |
Талипов Алманбет Тынычбекович |
Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институту нун профбюро төрагасы |
|
30. |
Кудайбердиев Бекарстан Асилбекович |
Техникалык камсыздоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн профбюро төрагасы |
|
31. |
Окен уулу Шумкар |
Табияттаануу, дене тарбия, туризм жанаагрардыктехнологиялар институту нун профбюро төрагасы |
|
32. |
Жайлообаева Гүлбарчын |
“Ноокат” мектеп гимназиясынын профбюро төрайымы |
|
33. |
Насирдинов Нуркамил Базаралиевич |
“Кара-суу” мектеп гимназиясынын профбюро төрагасы |
|
34. |
Сулайманова Альбина |
Илимий китепкананын профбюро төрайымы |
|
35. |
Асан кызы Самара |
Айыл чарба колледжинин профбюро төрайымы |
|
36. |
Бубаев Мадамин |
Курулуш колледжинин профбюро төрагасы |
|
37. |
Исраилова Айнагүл |
Ыйман мектепке чейинки билим берүү уюмунун профбюро төрайымы |
|
38. |
Кенжеев Токторбай |
Жаштар кеңешинин төрагасы |
|
39. |
Эсеналиев Тимур Асаналиевич |
ОшМУнун студенттик айыкатчы аппаратынын жетекчиси |












