ОшМунун алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу семинарлары

STEM инновациялык колледжи

ОшМУнун окутуучулары учун кезектеги семинар

2025-жылдын 3-ноябрь куну “ОшМУнун мыктылары” конкурсуну женуучулорунун алдынкы тажрыйбаларын жайылтуу максатында окутуучулар учун атайын ОСжМКБ тарабынан уюштурулган семинарга STEM инновациялык колледжинин окутуучулары катышышты. Семинарды “ОшМУнуну мыкты лектору”конкурсунун женуучулору ФжМАК институтунун доценти Койлубаева Бурулча, ЭАМ факультетинин улук окутуучусу Саид Али Аббас Рахат алдынкы тажрыйбалары менен оздорунун заманбап методдорун болушту. Семинардын баяндамачылары оз тажрыйбаларын презентация менен баяндама жасап, катышуучулар менен практикалык турдо жаны ыкмаларды жасап корсотушту. Окутуучуларга пикир болушуу жаны идеяларды сунушташып тажрыйба алмашууга кенири мумкунчулук тузулду. Семинар окутучулардын арасындагы кызматташтыкты чындап, педагогдордун кесиптик денгээлин жогорулатууга чон туртку болду.

Картинка 1 Картинка 2 Картинка 3 Картинка 4


STEM инновациялык колледжи

ОшМУнун алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу семинарлары

2024-жылдын 4-декабрь күнү Ош мамлекеттик университетинде “Алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу боюнча” семинар болуп өттү. Бул иш-чарага университеттин ар кандай факультеттеринен жана кафедраларынан келген окутуучулар, ошондой эле Табият таануу жана STEM инновациялык колледжинин окутуучулары активдүү катышышты. Семинардын негизги максаты — билим берүү процессинде колдонулуп жаткан алдыңкы, заманбап ыкмаларды бөлүшүү, эффективдүү тажрыйбаларды жайылтуу жана окутуунун сапатын жогорулатуу болуп саналат. Катышуучулар өз тармактарындагы ийгиликтүү усулдарын сунуштап, заманбап окутуу технологиялары, инновациялык методдор жана студенттер менен иштөөдөгү практикалык ыкмалар тууралуу презентациялар менен чыгышты. Семинар учурунда баяндамалар окулуп, катышуучулар арасында тажрыйба алмашуу, пикир бөлүшүү жана бир катар жаңы идеяларды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Мындай иш-чаралар билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана педагогдордун кесиптик деңгээлин жогорулатууга чоң салым кошот.

Картинка 1 Картинка 2 Картинка 3 Картинка 4 Картинка 5