Ата-энелер менен жолугушуу 2025

2025-жылдын 20-февраль күнү өткөрүлгөн иш-чара

2025-жылдын 20-февраль күнү STEM инновациялык колледжинин Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан "Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо", "Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча) адистиктеринде окуган студенттердин ата-энелери менен жолугушуу өткөрүлдү. Иш чаранын негизги максаты окутуучу, студент жана ата-эне менен, окууда, тарбияда жана окуу жайдын ар кандай максаттагы өтүлгөн иш чаралар менен тааныш болуусу. Ата-энелер менен тыгыз иштөө, алардын койгон сунуштарды эске алуу менен, студент дагы көзөмөлдө болуп, окууда ийгиликтүү жетишкендиктер ишке ашат.

Бул иш-чарада төмөндөгү маселелер каралды:

  • Окуу пландар жана мамлекеттик стандарттар боюнча.
  • MyEDU программасынын иштөөсү жөнүндө.
  • Студенттердин окуудагы жетишкендиктери.
  • Жүрүм-турум тарбиясы.
  • Ар түрдүү маселелер.

Бул иш-чаранын аягында окууда жакшы жетишкендиктерди көргөзгөн студенттердин ата-энелерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Мындай жолугушуулар мындан ары да улантылмакчы.