Өзбекстандын Андижан шаарына 2023-жылдын 29-сентябрында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана эл аралык байланыштарды өнүктүрүү максатында университеттердин келечектеги кызматташуусу, анын ичинде студенттердин мобилдүүлүгү жана жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулар курамынын тажрыйба алмашуу иш чарасы болду. Анда ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин ИКД циклынын окутуучулары Шакиров К.К., Капарова А., Молдалиева Ж. Абдималик кызы Нуржан Андижан технологиялык институтунда 12 сааттык көлөмдө конок лекция окушту













