Заманбап шарттарда үзгүлтүксүз билим берүүнүн көйгөйлөрү
2024-жылдын 28-октябрь күнү ОшМУнун педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г.А. Жутанованын демилгеси менен магистранттар үчүн "Заманбап шарттарда үзгүлтүксүз билим берүүнүн көйгөйлөрү" аттуу илимий-методикалык семинар (офлайн-онлайн форматта) уюштурулду. Семинарга Кыргыз Республикасынын эмгек синирген мугалими, педагогика кафедрасынын доценти Г.М. Мадаминов чакырылды. Семинарга МФТИТ, тарых жана юридика институтунун магистранттары, студенттери, ОшМУнун окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн методист-координатору М.Т. Нурмаматова , педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамааты жана аспиранттары катышты. Семинардын жүрүшүн ОшМУнун “Үмүт” теле студиясы жана ЭлТР Билим жана Илим телеканалы тартып, уюштуруучулардан, магистранттардан жана катышуучулардан интервью алышты. Педагогика кафедрасынын ар тараптуу ишмердүүлүгүн колдоп, шарттарды түзүп бергендиги үчүн МФТИТ институтунун директору, ф.-м.и.к., доцент Б.Азимов жетектеген жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз.