Конок лекция
Академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү системасынын сапатын жогорулатуу, академиялык мобилдүүлүктү кенейтүү жана окутуучулар арасында өз ара тажрыйба алмашууну чындоо максатында, Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин расмий чакыруусунун жана 2026-жылдын 13-апрелиндеги №565 катынын негизинде, Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институнун ЭТФ кафедрасынын ага окутуучусу А. Жапаркулов 2026-жылдын 20-апрелинен 24-апрелине чейин ички академиялык мобилдүүлүк алкагында барып, тажрыйба алмашып, конок лекцияларды өтүп, билим берүү программалары боюнча кызматташтыкты кенейтип жана эки жогорку окуу жайдын ортосундагы академиялык байланыштарды чындап келди.











