Жалпы маалымат жана максаты

Борбордун кыскача тарыхы:

NEXT GENERATION HUB - 2024-жылдын 31-майында Ош мамлекеттик университетинин алдында өз алдынча структура катары алгачкы ишин баштады. ОшМУнун негизги инновациялык борборлорунун бири болуп, жогорку технологиялык билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Борбордук Азиядагы робототехниканы үйрөнүү боюнча жападан жалгыз филиал болуп саналат.

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата окуу жайда "Келечек муундун ХАБы" ("Next Generation Hub") борбору ачылды. Борбордун ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Кытай Эл Республикасынын КРдеги элчиси Ду Дэвэнь, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кытайдагы Jiangsu Huibo Robotics компаниясынын жетекчилери, чет өлкөлөрдөн келген коноктор катышты.

Jiangsu Huibo Robotics компаниясыны менен биргеликте ачылып жаткан борбор Азия аймагында жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердеги эң биринчи лабораториялык борбор болуп саналат. Бул борбор Кыргызстан үчүн гана эмес коңшу өлкөлөрдөгү робототехника тармагынын өнүгүүсүнө салым кошорун төрага Акылбек Жапаров белгиледи.

ОшМУнун тарабынан бөлүнгөн 500 чарчы метр аянтчага компания тарабынан робототехникалар, керектелүүчү жабдуулар алып келинди. Жалпы лабораториялык борборго 7 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылган.

Борборду 2024-жылдан баштап окутуучу Умаров Тилек Муталибович жетектеп келүүдө.

“Бул борбор биринчиден студенттердин билим алуусу үчүн окуу лаборатория болсо, экинчиден окуу-өндүрүштүк борборго айланат. Робототехникага кызыккан балдарыбызды кичинесинен тартып ушул жерде курстарга катыштырып, тажрыйба топтотуп, андан кийин бакалавр баскычында билим алуусуна шарт түзгөн тажрыйбаны жасайлы деп жатабыз. "Келечек муундун ХАБы" бүгүнкү күндө дүйнөнүн талабына туура келген заманбап борбор болуп калат деп ишенем”,-деди ректор Кудайберди Кожобеков.

2024-жылдын апрель айында Кытайдын Сучжоу шаарында Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен ОшМУнун ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлган.

Борбор жасалма интеллект, робототехника, маалыматтык технологиялар боюнча билим, илим, практика айкалышкан, педагогдор, эксперттер, инженерлер, бизнесмендер жолугушкан, студенттер үчүн заманбап билим чөйрөсү болот. Робототехника адистигин аяктаган бүтүрүүчүлөрдү жергиликтүү жана эл аралык өндүрүш тармагында иш алып барган компанияларга жумушка орноштуруу да пландалган.

«Next Generation Hub» борборунун функциясы:

«Next Generation Hub» борбору ОшМУнун алдында студенттерди жана окутуучуларды робототехника, мехатроника, жасалма интеллект, автоматташтыруу жана электроника багыттары боюнча терең окутууну камсыздайт. Борбордун ишмердүүлүгү практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, жогорку технологиялык жабдуулар менен иштөө мүмкүнчүлүгүн түзүүгө, заманбап өнөр жай шарттарына даярдоого, жаңы технологиялар жана инновациялар боюнча изилдөөлөргө катышууга, эл аралык деңгээлде билим алууга жана академиялык мобилдүүлүктү камсыз кылууга багытталган.

«Next Generation Hub» борборунун миссиясы:

Кыргыз Республикасынын эмгек рыногуна талап кылынган, атаандаштыкка жөндөмдүү жана жогорку квалификациялуу адистерди системалуу түрдө даярдоо. Борбор Кытай Эл Республикасы менен көп тараптуу кызматташуунун туруктуу өнүгүшү, академиялык мобилдүүлүк жана академиялык эркиндик аркылуу жаңы көз карашка ээ, коомдук жоопкерчиликтүү, жогорку адеп-ахлактык жана моралдык сапаттарга ээ, чет тилдерди эркин билген, динамикалуу өзгөрүп жаткан дүйнөдө өз алдынча ойлонуп, чечим чыгара алган, улуттук кызыкчылыктарды, баалуулуктарды жана маданиятты сактаган адистерди даярдоону максат кылат.

«Next Generation Hub» борборунун негизги максаты:

Мехатроника жана робототехника, маданият, экономика жана саясат тармактарында билимди өркүндөтүү аркылуу заманбап билим берүүдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө жана атаандаштыкка жооп бере алган, жогорку билимге ээ, чет өлкөдө тажрыйба топтогон, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошкон мыкты адистерди даярдоо.