Ишке киргизилди
Аудиториялар үчүн табло системасы
Биринчи долбоор катары ОшМУнун башкы корпусунда аудиториялар үчүн табло системасы толугу менен ишке киргизилди. Студенттер сабактын өтүлүүчү аудиториясын, мугалимин көрө алышат. Перемена учурунда автоматтык түрдө музыка жаңырып, окуу процесси үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Азырынча система башка корпустарда орнотулган эмес.
Сыноо баскычында
"Face Control" системасы
"Face Control" системасы студенттер жана университет кызматкерлери үчүн каралган. Имаратка кирип-чыгуу автоматтык көзөмөлдөнөт, коопсуздук жогорулайт жана катыш так катталат. Учурда орнотуу жана сыноо иштери жүрүп жатат, жакынкы убакта толук ишке киргизилет.
Аткарылуу этабында
Атайын светофорлорго программалануучу плата
Бул проект PLC колдонуу менен светофорлорду автоматтык башкаруунун логикасын иштеп чыгууга жана аны EASY EDA программасында электрондук схема катары моделдөөгө багытталган. Система таймерлер аркылуу жарыктардын кезектешип иштөөсүн камсыздап, автоматташтыруу негиздерин практикада өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет.











