Ондон ашуун окутуучу робототехника жана жасалма интеллект багытында билимин жогорулатууда
ОшМУнун Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун 15 окутуучусу робототехника жана жасалма интеллект багыты боюнча билимдерин жогорулатууда.
23-июнда илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор Элзарбек Эшаров жана институттун директору Бектур Азимов окуу процессинин жүрүшү менен таанышып келди.
Окутуу ОшМУнун Next Generation Hubында өтүүдө. Аны Кытайдын алдыңкы Hyubo Robotics компаниясынын инженерлери жана Цзамусы университетинин тажрыйбалуу профессорлору жүргүзүүдө. Курстан ийгиликтүү өткөн окутуучулар Hyubo Robotics компаниясынын роботтору жайгашкан дүйнөнүн каалаган бурчунда иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Андан сырткары башка өлкөлөрдө өткөрүлүүчү квалификациялык курстарда мастер-окутуучу катары тажрыйба бөлүшүүгө жол ачылат.
Фото галерея
ОшМУ Кыргыз улуттук университети менен кызматташуу меморандумун жаңылады
Бүгүн, 3-апрелде Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев баштаган делегация Ош мамлекеттик университетинде болушту.
Иш-сапардын алкагында делегация ОшМУнун "Келечек муундун ХАБы" борборунда жайгашкан “Борбор Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо”, “Борбор Азия критикалык минералдар инновациялык” борборлорунда болду. Анда алардын ишмердүүлүгү, илимий изилдөө багытында жасалып жаткан иштер менен таанышты. Окуу жайдын маалыматтык-коммуникациялык инфраструктурасын да жеринен көрүп, мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алышты.
ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган структура жетекчилери менен болгон жолугушууда унверситетте санариптештирүү багытында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берилип, биргелешкен иш-аракеттер, кызматташуулар боюнча пикир алышты. Жыйындын алкагында билим берүү, илим изилдөө, эл аралык байланыштар, академиялык мобилдүүлүк багыттарында эки тараптуу кызматташуу меморандуму жаңыланды.
“Бул иш-сапар ОшМУ менен Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган маанилүү кадам болду. Эки окуу жай өлкөдөгү Өзгөчө статус алган университеттердин катарын толуктайт. Бүгүн биз Кыргыз улуттук университетинен келген делегацияга ушул Өзгөчө статустун алкагында ОшМУда жасалып жаткан реформалык иштер тууралуу толук маалыматтарды бердик. Аларда жасалып жаткан иштер менен да тааныштык. Биргелешкен кызматташуулар аркылуу Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө салым кошуучу кадрларды даярдоого бир топ пландарды түздүк. Андан сырткары 12 жылдык билим берүү багытында да биргелешкен иш-аракеттерди жасалат”, -деди Кожобеков.
Фото галерея
ОшМУ робототехника багытында адистерди даярдоону баштады
ОшМУ, Кытайдын Цзямуси институту жана Huibo Robotics команиясынын ортосунда 3 тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду. Кол коюу аземи 22-августта ОшМУда өттү. Жолугушууга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган тиешелүү структура жетекчилери, Huibo Robotics команиясынын вице-президенти Цуй Сяохуэй баштаган өкүлдөр жана Цзямуси кесиптик институтунун партиялык комитетинин секретары Ян Сянцзюнь баштаган өкүлдөр катышты.
Ректор Кудайберди Кожобеков аталган комания менен биргеликте 31-майда “Келечек муундун ХАБы” борбору ачылгандыгын, бүгүн ошол иштердин экинчи этабы катары мехатроника жана робототехника адистиги боюнча бакалавр адистиктерин даярдоо башталып жаткандыгын айтты. Бул адистиктин учурдагы актуалдуулугу эске алынып мамлекет тарабынан быйыл 50 гранттык орун берилген.
Цзямуси кесиптик институтунун партиялык комитетинин секретары Ян Сянцзюнь: “Биздин окуу жайдын ОшМУ менен кызматташып жаткандыгын сыймыктануу менен кабыл алабыз. Алдыда сиздердин окуу жай менен бир топ долбоорлорду биргеликте ишке ашырабыз. ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институту менен биргеликте окуу пландарын талкуулап, чогуу иш алып барабыз. Андан сырткары тажрыйба алмашууга окутуучуларды жиберүү, алмашып окутуу иштерин жүргүзөбүз. Кийинчерээк эки окуу жайда шайкеш келген факультеттер менен да иштешип академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашырсак деген сунуштар бар”,- деп билдирди.
Жолугушуунун соңунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Коноктор күндүн экинчи бөлүгүндө “Келечек муундун ХАБы” борбору менен таанышты. “Келечек муундун ХАБы” борбору жасалма интеллект, робототехника, маалыматтык технологиялар боюнча билим, илим, практика айкалышкан лабораториялык база болуп саналат.
Фото галерея
Кытайлык адистер ОшМУнун окутуучуларын робототехника боюнча окутуудан өткөрдү
Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун 15 окутуучусу Кытайдан келген адистердин окутуусунан өтүштү. Эки инженер Сучжо шаарында жайгашкан HUIBO компаниясынан келген. Ал эми үчөө Цзямусы техникалык институтунун окутуучулары.
Окутуу 27-октябрдан 8-ноябрга чейин ОшМУнун “Келечек муундун ХАБы” (Next Generation Hab) борборунда болду. Жыйынтыгында институттун окутуучулары программалоо жана робототехника боюнча курсту аяктап, эл аралык сертификатка ээ болушту.
Эми алар Мехатроника жана робототехника адистигинин студенттерине жана атайын робототехника курстарынан сабак бере алышат. Ошондой эле HUIBO компаниясынын роботтору жайгашкан завод-фабрикаларда жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Фото галерея
ОшМУда "Борбордук Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо" борбору ачылды
3-февралда ОшМУда "Борбордук Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо" борбору ачылды. Салтанатка окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, чет өлкөлөрдөн жана өлкө аймагынан келген окумуштуулар катышты.
Аталган жай спутниктик борбор катары Кыргызстанда алгач ирет ачылып жатат. Ал университеттин "Келечек муундун ХАБы" борборунун базасында орун алган. Борбор спутниктин негизинде маалыматтарды чогултуп, илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт. Учурда атайын заманбап жабдуулар менен толукталган. Мында эл аралык долбоорлор менен иштеп, инвестицияларды тартса болот. Ошондой эле илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө шарт бар.
Борбор келечекте Кыргызстанда ушул багытта адистерди даярдоо максатында ишке ашууда.
"Ал аркылуу илимий кызматкерлер, окумуштуулар, PhD докторанттар жердин жөнөкөй кыртышынан тартып, бийик тоолуу аймактар боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Бул изилдөөлөрдү жүргүзүүдө маалыматтар базасы менен иштөө актуалдуу болуп саналат. Борбор аркылуу илим изилдөөчүлөр спутниктен алынган маалыматтар базасын колдонуп, климаттык өзгөрүүлөрдү изилдеген илимий изилдөөлөрдү жүргүзө алышат", -деди Кудайберди Кожобеков.
Долбоордун алкагында бир нече эл аралык базаларга кирүүгө уруксат алынган. Учурда Америка, Жапония, Кытай, Корея жана Европа өлкөлөрүнүн 25тен ашуун белгилүү спутник агенттиктери менен кызматташуу жүрүүдө. Ошондой эле аталган жай дүйнөлүк борборлор менен чогуу илимий иш-чараларды алып барат.
Фото галерея











