Кванттык физика боюнча илимий конференция.
2025-ж. 14-15- ноябрда Ж. Баласагын атындагы Улуттук университетинде КНУнун жана кванттык физика илиминин 100 жылдыгына арналган эл аралык илимий- практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга ОшМУдан ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент М. Ч. Осконбаев катышып, баяндама жасап келди. Ошондой эле ЭТФ кафедрасынын башкы илимий кызматкери, т.и.д., профессор Т. А. Рысбаев дагы катышып, илимий баяндама жасады.








Профессор Ы.Ташполотовдун Фергана шаарына болгон илимий иш сапары боюнча маалымат.
2025-жылдын ноябрь айынын 7-8-күндөрү Өзбек Республикасынын Фергана шаарындагы Фергана малекеттик техникалык университетинде "Улуттук энергетикалык көз карандысыздык кайра жаралуучу энергия булактары жана санариптик технологиялар доорунда: Фергана облусундагы инновациялар, келечеги жана социалдык таасири" деген аталыштагы Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул конференцияга Фергана малекеттик техникалык университеттин илим жана инновация боюнча проректору Ш.М. Давлятовдун чакыруусу менен Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун “Эксперименталдык жана теориялык физика” кафедрасынын профессору, ОшМУнун “Нанотехнология жана жасалма интеллект” илим изилдөө институтунун директору Ысламидин Ташполотов “Водород өндүрүү технологиясын киргизүү аркылуу энергетика секторун туруктуу өнүктүрүү” аталышындагы тема боюнча доклад жасады. Бул конференцияга Казахстандын, Туркиянын Кыргызстандын окумуштуулары жана Өзбек республикасындагы энергетика тармагындагы чоң ишканалардын директорлору катышып докладдарды жасашты. Айрыкча өндүрүштүк ишканалардын жасаган докладдары практикалык жактан өтө маанилүү болду. Республиканын энергетика тармагында жасалып жаткан жана аткарылган конкреттүү иштерди, эл аралык долбоорлорго кадр даярдоо жана алрды жумушка тартуу, окуу жайларды каржылык колдоо багытындагы так мисалдарды келтиришти. Айталы, бир эле компаниянын 1 окуу жайга болгон инвестициясы 20 млн долларга жакын болгону жөнүндөгү маалыматтарды сыймыктануу менен белгилешти. Ошондой эле бул университеттин профессору А.М. Касимахунова энергетика тармагына тиешелүү “Өзбекистан-Кытай” долбоорунун ишмердүүлүү боюнча эң жакшы маалыматтарды, жыйынтыктарды айтышты (бул долбоор 2025-жылдын февраль айында башталган). Мындан башка Фергана областында курулуп жаткан 500МВттык күн станциялары, жана мындан башка жакынкы аралыкта ишке ашуучу 300+200 МВттык кун станциялары, электр энергиясын сактоочу 2 аккумлятордук станциянын курулганы жөнүндө(300+300МВттык), Өзбекистан-Туркия долбоорлору ж. б. боюнча эң кызыктуу маалыматтарды берилди. Өзбекистандык окумуштуулардагы түзүлгөн илимий техникалык зат менен да таанышып чыктык. Алардагы Германиядан алып келинген окуу куралдары (аспаптары), Япониядан жакында алып келинген илимий изилдөөгө багытталган аппаратуралар аларга болгон симпатияны жаратат. Ошондуктан алар менен биргеликте иштешүү боюнча сүйлөшүүлөрдү макулдаштык. ЭТФ кафедрасынын профессору, Ысламидин Ташполотов.


Эл аралык илимий- практикалык конференциялык катышуу.
2025- жылдын 17- октябрында ЭТФ кафедрасынын профессору Ы. Ташполотов, доценттери М.Ч. Осконбаев жана Э. Садыков, улук окутуучу А. Жапаркулов PhD докторанттар Исмаилахун кызы Махабат жана Хасанова Гүлкан, магитрлер Урмат кызы Жылдыз жана Дурсунбай кызы Сонун Түштүк илимдер академиясы тарабынан уюштурулган эл аралык илимий- практикалык конференцияга катышты. Профессор Ы. Ташполотов пленардык жыйында баяндама жасады. Кафедранын калган мүчөлөрү, докторанттар жана магистрлер социалык иштерде баяндама жасашты.





Ядролук институтка илимий иш сапар.
ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент М.Ч.Осконбаев Өзбек республикасынын илимдер академиясынын ядролук институтунда "Ядролук энергиянын заманбап көйгөйлөрү жана ядролук технология" деген аталыштагы XI эл аралык конференцияга катышып, баяндама жасап келди. Конференцияга Италиядан, Түштүк Кореядан, Казакстандан, Россиядан жана Түркиядан окумуштуулар келип катышты. Конференция 2025- ж. 14-16- октябрда өтүп, 18 баяндама пленардык отурумда жана 4- секцияда баяндамалар жасалды.












