2026- жылдын 24- сентябрь күнү ТТАДТ институтунда " Эне тилим - жан дүйнөм " деген аталыштагы адабий чыгармачылык кечеге ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.- м.и.к., доцент М. Ч. Осконбаев конок катары чакырылып катышып келди. Кече Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнүн 37 жылдыгына арналган. Кечеде доцент М. Ч. Осконбаевдин ырларын институттун 1- курсунун студенттери көркөм окушту. Доцент М. Ч. Осконбаев өзү жазган ырлардан окуп, комуз күүлөрүн тарыхы менен айтып чертип берди, ошондой комуздун коштоосунда ырларды аткарып беришти. Кеченин аягында институттун директору, геог.илимдеринин доктору, проф. Низамалиев Абдурашит Гумарович ыраазычылык катын тапшырды.


Практикалык конференция.
ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент М. Ч. Осконбаев Чаткал районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык юбилейине карата уюштурулган илимий- практикалык конференцияга катышып, баяндама жасап келди. Конференция 2026- жылдын 19-20- июнунда өттү.



Профориентация сапары.
2026-жылдын 14-май күнү ЭТФ кафедрасынын улук окутуучусу А.А. Орозбаева ЖФ жана ФОУ кафедрасынын жамааты менен биргеликте Ош областынын Ноокат районунуна караштуу айрым мектептерине, тактап айтканда, Жаңы Ноокат айылындагы М.Улугбек атындагы, Арал айылындагы "Арал" орто мектеби, Ноокат шаарындагы Аль- Хоразмий атындагы жана А.Абдуллаев атындагы жалпы билим берүү мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына кесипке багыттоо иш-чарасынын алкагында маалымат берип келишти. Мектеп жамааты жана окуучулары тарабынан ыраазычылык сөздөрү айтылып, жеткирилген маалыматтар алар үчүн бир топ жемиштүү болгондугу баса белгиленди.








Нооруз - 2026.
МФТИТ институту тарабынан "Нооруз 2026" майрамын утурлай атайын фестиваль уюштурулду. Ал фестивалда ЭТФ кафедрасына "Манас" эпосунан үзүндү айтуу түшкөн. ЭТФ кафедрасынын жамааты : профессор Ысламидин Ташполотов, доцент Эркинбай Садыков жана кафедра башчы Маралбек Чотоевич Осконбаев менен кафедранын окуу мастери Урмат кызы Жылдыз жана лаборанттар: Сайфула кызы Уулжан, Жолдошова Эльвира кыргыз формаларын кийишип, атайын видео материалдын коштоосунда эпосту эң сонун аткарышты. Фестивалдын жыйынтыгында кафедранын жамааты дирекциясынын ыраазычылык каты менен сыйланышты. Фестивал 17 - февраль күнү саат: 13:00- 15:00гө чейин башкы корпустун ЧАЗында болуп өттү.



Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Ж. Ш. Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунда конок лекцияда.
Иш чаранын жүрүшүндө математика физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент М.Ч.Осконбаев «Манас» эпосун даңазалап Манас эпосунан үзүндү айтып, комуздун коштоосунда кыргыздын залкар күүлөрүнөн чертип берди.










































