Новости

Полиглот
ФжМАКИ «Полиглот» 16.07.2025


Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун алдындагы “Полиглот” окуу борборунун базасында англис тили жана грамматика кафедрасынын демилгеси менен жаңы долбоор ишке киргизилди. Долбоордун негизги максаттары – коммерциялык багыттагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу, инвестиция тартуу жана кийинки академиялык окуу жылына программадагы окутуучуларды англис тили боюнча даярдоо болуп саналат.


Долбоорго катышуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана окутуу процессин заманбап талаптарга шайкеш жүргүзүү максатында кафедра өз күчү менен катышуучуларды актуалдуу жана замандын талабына жооп берген окуу китептери менен камсыздоого жетишти.



Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун алдында Полиглот
окуу борбору ишин баштаганы турат. Бул окуу борбордо тил курстары, котормо
кызматы, редактирлөө кызматтары көрсөтүлөт. Ошондой эле жалпы республикалык
тестирлөөгө даярдоо курсу да ишмердүүлүгүн баштайт. Аталган окуу борборго
институттун тажрыйбалуу окутуучулары тартылат
Poliglot | Birobidzhan