Проекты, гранты, коммерциализация
Туруктуу өнүгүү менен филологиялык билим берүүнү айкалыштырган долбоор ишке ашырылууда
Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасы Ала-Тоо Эл аралык университети менен биргеликте туруктуу өнүгүү идеяларын филологиялык билим берүү жана чет тилдерин окутуу багытына интеграциялоого багытталган долбоорду ишке ашырууда.
2025-жылы башталган долбоор 2029-жылга чейин улантылат. Ага эки жогорку окуу жайдан жалпы 30 студент жана 15 окутуучу активдүү катышууда. Долбоордун негизги максаты – филологиялык билим берүүнүн мазмунуна туруктуу өнүгүү принциптерин киргизүү, ошондой эле студенттердин илимий-изилдөө, аналитикалык жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү.
Ошондой эле, ОшМУда 550300 “Филологиялык билим берүү” билим берүү программасынын алкагында “Билим берүүдөгү туруктуу өнүгүү” аттуу тандоо курсу 2018-жылдан бери сунушталып келет. Анын алкагында жыл сайын “Жашыл жумалык” иш-чарасы өткөрүлүп турат.
2026-жылдын 21-мартында өткөн “Филология, билим берүү жана туруктуу келечек” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда долбоордун бүгүнкү күнгө чейинки жыйынтыктары кеңири тааныштырылды. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Индия жана Орусиядан келген окумуштуулар, окутуучулар жана изилдөөчүлөр катышып, өз ара тажрыйба алмашышты.
Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар филологиялык билим берүү менен туруктуу өнүгүү максаттарын айкалыштыруунун маанисин белгилешип, бул багыттагы инновациялык ыкмалардын, жаңы окуу программаларынын жана илимий изилдөөлөрдүн актуалдуулугун баса көрсөтүштү.

Реализуется проект, объединяющий устойчивое развитие и филологическое образование
Кафедра фонетики и грамматики английского языка Института филологии и межкультурной коммуникации Ошского государственного университета совместно с Международным университетом Ала-Тоо реализует проект, направленный на интеграцию идей устойчивого развития в филологическое образование и преподавание иностранных языков.
Проект, начатый в 2025 году, продлится до 2029 года. В нем активно участвуют 30 студентов и 15 преподавателей из двух высших учебных заведений. Основная цель проекта — внедрение принципов устойчивого развития в содержание филологического образования, а также развитие у студентов исследовательских, аналитических и практических навыков.
Кроме того, в ОшГУ в рамках образовательной программы 550300 «Филологическое образование» с 2018 года предлагается элективный курс «Устойчивое развитие в образовании». В рамках данного курса ежегодно проводится мероприятие «Зеленая неделя».
На международной научно-практической конференции «Филология, образование и устойчивое будущее», состоявшейся 21 марта 2026 года, были широко представлены промежуточные результаты проекта. В мероприятии приняли участие ученые, преподаватели и исследователи из Кыргызстана, Казахстана, Узбекистана, Индии и России, которые обменялись опытом.
В ходе конференции участники отметили важность объединения филологического образования с целями устойчивого развития и подчеркнули актуальность инновационных подходов, новых учебных программ и научных исследований в данном направлении.

A Project Integrating Sustainable Development and Philological Education is Being Implemented
The Department of English Phonetics and Grammar of the Institute of Philology and Intercultural Communication at Osh State University, in cooperation with Ala-Too International University, is implementing a project aimed at integrating the ideas of sustainable development into philological education and foreign language teaching.
The project, launched in 2025, will continue until 2029. A total of 30 students and 15 teachers from the two higher educational institutions are actively involved. The main goal of the project is to introduce the principles of sustainable development into the content of philological education, as well as to develop students’ research, analytical, and practical skills.
In addition, Osh State University has been offering an elective course entitled “Sustainable Development in Education” since 2018 within the framework of the 550300 Philological Education degree program. As part of this course, the annual “Green Week” event is regularly held.
The current results of the project were widely presented at the International Scientific and Practical Conference “Philology, Education and a Sustainable Future,” held on March 21, 2026. Scholars, teachers, and researchers from Kyrgyzstan, Kazakhstan, Uzbekistan, India, and Russia participated in the event and exchanged experience.
During the conference, participants emphasized the importance of combining philological education with the goals of sustainable development and highlighted the relevance of innovative approaches, new academic programs, and scientific research in this field.


Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын демилгеси менен, Ош билим берүү институту менен түзүлгөн меморандумдун негизинде «ЖОЖ менен мектеп» программасынын алкагындагы долбоор улантылууда.
2026-жылдын 26-мартында кафедранын доценти Э.Г. Ахмедова жана окутуучу Ж.Т. Бекташева тарабынан «Speaking Tests Through Games: An Interactive Seminar for Language Teachers» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинар мектептердин англис тили мугалимдерине усулдук жардам көрсөтүп, окутуунун сапатын жогорулатууга багытталды.

Within the framework of the “University–School” program, a project initiated by the Department of English Phonetics and Grammar of the Institute of Philology and Intercultural Communication at Osh State University continues to be implemented based on a memorandum with the Osh Institute of Education.
On March 26, 2026, Associate Professor E.G. Akhmedova and lecturer Zh.T. Bektasheva conducted a seminar titled “Speaking Tests Through Games: An Interactive Seminar for Language Teachers.” The seminar contributed to improving the quality of English language teaching in schools by providing methodological support to teachers.

В рамках программы «ВУЗ – Школа» продолжает реализовываться проект, инициированный кафедрой фонетики и грамматики английского языка Института филологии и межкультурной коммуникации Ошского государственного университета на основе меморандума с Ошским институтом образования.
26 марта 2026 года доцент Э.Г. Ахмедова и преподаватель Ж.Т. Бекташева провели семинар на тему «Speaking Tests Through Games: An Interactive Seminar for Language Teachers». Семинар был направлен на оказание методической помощи учителям английского языка и способствовал повышению качества преподавания в школах.


“English for Academic and Professional Communication”

Ош мамлекеттик университетинин ФжМАК институтунун англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын демилгеси менен «Полиглот» окуу борборунун алдында уюштурулган “English for Academic and Professional Communication” (90 hours) тилдик курсу ийгиликтүү жыйынтыкталды. Курска ОшМУнун профессордук-окутуучулар курамынын 12 өкүлү катышып, сертификаттарга ээ болушту.

«English for Academic and Professional Communication»

По инициативе кафедры фонетики и грамматики английского языка Института филологии и массовых коммуникаций Ошского государственного университета на базе учебного центра «Полиглот» успешно завершился языковой курс «English for Academic and Professional Communication» (90 часов). В обучении приняли участие 12 представителей профессорско-преподавательского состава ОшГУ, по итогам курса участникам были вручены сертификаты.
“English for Academic and Professional Communication”

At the initiative of the Department of English Phonetics and Grammar of the Institute of Philology and Intercultural Communication of Osh State University, the “English for Academic and Professional Communication” (90 hours) language course was successfully completed at the "Polyglot Language Center". Twelve members of Osh State University’s academic staff took part in the course and received certificates upon completion.


Билим берүү тармагындагы интернационализация жана глобалдаштыруу боюнча ОшМУнун окутуучуларынын Кыргызстан, Индия жана Өзбекстан ортосундагы үч тараптуу эл аралык долбоору тууралуу маалымат. Жогорку билим берүү системасында академиялык кызматташууну чыңдоо жана интернационализацияны өнүктүрүү максатында Ош мамлекеттик университетинин, филология жана маданият аралык коммуникация институтунун, англис тилинин фонетика жана грамматика кафедрасынын окутуучулары Тургунбаева Б.Ж., Абдурахманова Х.Т. , Назарова М.К., Ташполот к.Аида Индия жана Өзбекстандагы өнөктөштөрү менен биргеликте үч тараптуу эл аралык долбоорду ишке ашырууда. Долбоордун негизги максаты – интеграцияланган билим берүү программаларын иштеп чыгуу, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу аркылуу билим берүүнү глобалдуу деңгээлде өнүктүрүү. Кызматташуунун негизги багыттары: Окутуучулар үчүн биргелешкен семинарлар, мастер-класстар жана тренингдер; Эл аралык педагогика жана салыштырма билим берүү боюнча модулдарды иштеп чыгуу; Өнөктөш университеттер арасында онлайн жана салттуу академиялык алмашууларды уюштуруу; Борбордук жана Түштүк Азиядагы билим берүү процесстерине жана академиялык маданиятка глобалдашуу таасиринин изилдениши. Бул долбоор Кыргызстан, Индия жана Өзбекстандын ортосундагы академиялык диалогду күчөтүп, билим берүү мейкиндигин кеңейтүүгө жана студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болууда. Эл аралык демилге үч өлкөнүн билим берүү мекемелери жана кызыкдар тараптары тарабынан колдоого алынып, туруктуу жана өз ара пайдалуу академиялык өнөктөштүктүн маанилүү кадамы катары белгиленди.


Ош, 2025-жыл, 27-май – Борбордук Азия Университетинин (БАУ) Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби (КУББМ), Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) менен өнөктөштүктө «ОшМУнун мугалимдери үчүн уюштурулган англис тилин үйрөнүү» долбоорун ийгиликтүү аяктап, сертификаттар тапшырылды. Англис тилин окутууда талыкпас эмгек жана зор салымы үчүн кафедранын окутуучусу Каратаева Г.М. ыраазычылык баракчасы менен сыйланды.

Ош, 27 мая 2025 года – Школа профессионального и непрерывного образования (ШПНО) Университета Центральной Азии (УЦА) в партнерстве с Ошским государственным университетом (ОшГУ) успешно завершила проект «Изучение английского языка для преподавателей ОшГУ» и вручила сертификаты. За неустанный труд и значительный вклад в преподавание английского языка преподаватель кафедры Каратаева Г.М. была награждена благодарственным письмом.

Osh, May 27, 2025 – The School of Professional and Continuing Education (SPCE) of the University of Central Asia (UCA), in partnership with Osh State University (OSU), successfully completed the project “English Language Learning for OSU Teachers” and awarded certificates. For her tireless work and significant contribution to teaching English, the department lecturer G.M. Karataeva was honored with a letter of appreciation.


Кафедра АКШнын элчилиги, World Language Learning уюмунун жана ОшМУнун колдоосу менен англис тилинин окутуучуларынын жана студенттердин тилдик деңгээлдерин В2га жогорулатуу боюнча 2 жылдык 150 адамга эсептелген 200мин долларлык проектти камсыз кылып, азыркы учурда акыркы баскычтагы иштер аткарылууда.


2024-жылдын 16-18 декабрында Линва инновациялык билим берүү фонду "Адаптация жана лидерлик стратегиялары" боюнча анлис тилини программалоону ишке ашыруу курсунун долбоорунун катышуучулары үчүн жыйынтыктоочу тренинг өткөрдү. Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын доценти, ф.и.к. Тургунбаева Бактыгуль Жээнмырзаевна жана улук окутуучу Н.Т.Усенова тренингге активдүү катышып, сертификаттар менен сыйланышты.

16-18 декабря 2024 года Фонд Инновационного Образования Линва провел заключительный тренинг для участников проекта Курса внедрения программирования английского языка (EPIC) по Стратегиям адаптации и лидерства. Преподаватели кафедры фонетики и грамматики английского языка, института ФиМК к.ф.н., доцент Тургунбаева Бактыгуль Жээнмырзаевна и старший преподаватель Усенова Н.Т. были награждены сертификатами за активное участие в тренинге.

On December 16-18,2024, the Lingua Foundation for innovative Education held the final training for the participants of the English Programming Implementation Course (EPIC) project on Adaptation and Leadership Strategies. Associate Professor of the Chair of English Phonetics and Grammar Baktygul Turgunbaeva and senior instructor Usenova N.T. were awarded certificates for active participation.


14.11.2024.Кафедрада пландаштырылган проекттерди ишке ашыруу максатында кафедранын ПО курамы менен талкуу болуп өттү.Талкуунун жыйынтыгында төрт проекттин аткарылуусу жооптууларга жүктөлдү.


12.12.2025. ОшМУнун ФжМАКинин Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасы “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин Филология кафедрасы менен биргеликте туруктуу өнүгүүнүн максаттарын филология жана англис тилин окутуу процессине интеграциялоо максатында «Межкультурная коммуникация в цифровую эпоху: лингвистические и культурные барьеры» деген темада студенттер арасында 2025–2029-жылдарга карата долбоорду ишке ашыруу боюнча эки тараптуу келишимге кол койду.

Долбоордун экинчи этабы учурда ийгиликтүү ишке ашырылып, студенттер изилдөө иштерин жүргүзүү үстүндө активдүү эмгектенип жатышат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгын 2026-жылдын апрель айында ОшМУда өтө турган эл аралык конференцияда чыгаруу мерчемделген.

12.12.2025. кафедра фонетики и грамматики английского языка ИФиМК Ошского государственного университета совместно с кафедрой филологии Международного университета «Ала-Тоо» подписали двустороннее соглашение о реализации проекта на 2025–2029 годы на тему «Межкультурная коммуникация в цифровую эпоху: лингвистические и культурные барьеры» , направленного на интеграцию целей устойчивого развития в преподавание филологии и английского языка.

В настоящее время успешно реализуется второй этап проекта, и студенты активно работают над проведением исследовательских работ. Подведение итогов исследований запланировано на апрель 2026 года в рамках международной конференции, которая пройдет на базе ОшГУ.

12.12.2025. the Department of English Phonetics and Grammar of the Institute of Philology and Intercultural Communications of Osh State University, in collaboration with the Department of Philology of Ala-Too International University, has signed a bilateral agreement to implement a project for 2025–2029 titled “Intercultural Communication in the Digital Era: Linguistic and Cultural Barriers.” The project aims to integrate the Sustainable Development Goals into the teaching of Philology and English.

The second phase of the project is currently being successfully implemented, and students are actively engaged in conducting research activities. The results of the research are scheduled to be presented in April 2026 at an international conference to be held at Osh State University.


Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун алдындагы “Полиглот” окуу борборунун базасында англис тили жана грамматика кафедрасынын демилгеси менен жаңы долбоор ишке киргизилди. Долбоордун негизги максаттары – коммерциялык багыттагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу, инвестиция тартуу жана кийинки академиялык окуу жылына программадагы окутуучуларды англис тили боюнча даярдоо болуп саналат. Долбоорго катышуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана окутуу процессин заманбап талаптарга шайкеш жүргүзүү максатында кафедра өз күчү менен катышуучуларды актуалдуу жана замандын талабына жооп берген окуу китептери менен камсыздоого жетишти.