Материалдык-техникалык базасы

Материалдык-техникалык базасы

Борбордун материалдык-техникалык базасы заманбап жабдыктар менен камсыздалган. Анын курамына ABB жана KEBAнын эң жаңы роботтору, Siemensдин жогорку тактыктагы контроллерлери, ошондой эле искусственный интеллект алгоритмдери менен иштөөчү акылдуу кофе роботу кирет. Окуу процессин көрүнүктүү жана активдүү кылуу үчүн борбор LED-экрандар, интерактивдүү такталар, плазмалык телекоргучтар жана ар кандай адистик программаларды иштете турган компьютерлер менен камсыздалган. Бул жабдыктар теория менен практиканы бириктирүүдө, студенттердин кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүүдө жана аларды чыныгы өндүрүш шарттарына даярдоодо маанилүү роль ойнойт.