ФИЛОЛОГИЯ ЖАНА МАДАНИЯТТАР АРАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ ИНСТИТУТУ
Факультеттин тарыхы Кыргыз ССРинин Эл агартуу министрлигинин 1951-жылдын 18-июлундагы №118 буйругу менен ОшПИнин курамында “чет тилдер факультети” деп ачылышы менен башталат. Бул аралыкта факультет шартка жараша структуралык жактан бир нече жолу кайра түзүлүү жолун басып өттү. 1951-1992-жылдары даярдаган өз алдынча факультет, 1992-1997-жылдары славян-герман филологиясы факультетинин курамындагы чет тилдер бөлүмү, 1997-жылдан дүйнөлүк тилдер факультети болуп аталган. Ал эми 2011-жылдын 30-августунан тартып кайрадан чет тилдер факультети болуп, 2017-жылдын январынан тарта ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечиминин негизинде дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети болуп аталып келет.
Факультетти Л.Д.Поколодный (1951-1957), В.Т.Ковальчук (1957), М.Е.Пан (1957-1984), Г.В.Сатина (1984), С.А.Абдугулов (1984-1987), К.Ж.Жумабаев (1987-1992), Н.К.Салахитдинова (1992-1996), А.К.Кулназаров (1996-1998), Ш.В.Мараш-Оглы (1998-2004), С.Ш.Калыгулова (2004-2009, 2011-2021), А.А.Анарбаев (2009-2011), Р.Ж.Сагындыкова (2021-2024) жетектешкен. Бул аты аталган инсандардын баары факультеттин өсүп-өнүгүшүнө өз мезгилинде чоң салым кошушкан.
Азыркы учурда “Кыргыз филологиясы жана журналистика”, “Орус филологиясы” жана “Дүйнөлүк тилдер жана маданият” факультеттери жоюлуп, ОшМУнун ректорунун №2810-ФХД/24 22.06.2024-ж. буйругунун негизинде “Филология жана маданият аралык коммуникация институту” болуп аталып, институттун директору казматында педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Шаимкулов Олжобай Акматович 2024-жылдан бери эмгектенүүдө.
Алгачкы 1951-1952-окуу жылын факультет 6 окутуучу жана 16 студенттен турган чакан жамааты менен баштаса, учурда университеттеги эң чоң, кадыр-барктуу структуралардын бирине айланган. Чет тилдер боюнча адистиктерди окутууда илимий деңгээли, иш тажрыйбасы заманбап билим берүүнүн талабына жооп берген 236 профессордук-окутуучулук курам, алардын ичинен жалпы окутуучулар 160, илимдин кандидаттары 27, PhD докторанттар 2, улук окутуучулар 42, чет элдик окутуучулар 5 жана 6 кафедрада ийгиликтүү эмгектенишүүдө. 2025-2026-окуу жылында факультетте 2500дөн ашуун студенттер, магистранттар жана PhD докторанттар татыктуу билим алышууда.
Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасы факультеттеги эң алгачкы структуралардын бири. Ал англис тили кафедрасы катары 1952-жылы ачылып, В.Ковальчук, А.Анарбаев, К.Кадыров, Г.Нигматулина, М.Ахунжанов, А.А. Акматовалар жетектешкен. Азыркы учурда кафедраны ф.и.к., доцент Б.Ж. Тургунбаева башкарууда.
Кафедра учурда 550300 “Филологиялык билим берүү” (“Чет тили” профили) багытында билим алган студенттерди тейлейт. Окутуу күндүзгү жана кечки формаларда жүргүзүлүп, окуу процесси тиешелүү деңгээлде уюштурулган.
Англис тилин окутуунун методикасы кафедрасынынтарыхы 1960-жылдарда кенже курстарды тейлеген англис тили кафедрасы катары негизделип, 1978-жылы чет тилдерди окутуунун методикасы кафедрасы болуп кайра түзүлгөн. Кафедраны В.Ковальчук, А.Н.Лисс, Г.Г.Имамутдинова, Е.Д. Соркина, Е.М. Коростышевская, А.С.Краснова, С. Абдугулов, А.Н.Лисс, Б.К.Койлубаева, А.А.Анарбаев, Р.Ж.Сагындыкова, Д.Б. Суркеева сыяктуу окумуштуу-педагогтор жетектешип, өнүгүшүнө зор салым кошкон. Азыркы учурда ф.и.к., доцент З.А.Калмаматова кафедра башчысы болуп иштеп жатат.
Англис филологиясы кафедрасы 1994-жылдын апрель айында өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу Роман-герман филологиясы кафедра болуп түзүлүп, 2022-жылы “Англис филологиясы” болуп өзгөрүлгөн. Кафедраны Ш.В.Мараш-Оглы, С.Б.Алымкулова, Т.Б.Кабыловтор жетектешкен. Учурда ф.и.к., доцент М.Н.Абдикаримова жетектөөдө.
Америка жана котормо таануу кафедрасы 2006-ж. 28-августта ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен түзүлгөн. Кафедранын ишмердүүлүгү студенттердин англис тили боюнча теориялык жана практикалык даярдыгын өнүктүрүүгө, лингвист-котормочуларды даярдоого багытталган. Кафедраны 2006-2012-жылга чейин доцент С.Б.Алымкулова, 2012-2025-жылга чейин ф.и.к., доцент Г.Б.Аипова жетектеген. Азыркы мезгилде п.и.к., доцент Б.К.Койлубаева башкарып келүүдө.
Немис тили кафедрасы 1966-жылдын 1-сентябрында негизделген. Аны түптөөгө ОшМУда 54 жыл (1966-2020-жж) эмгектенген педагог К.С.Назаров чоң салым кошкон.Немис тили окутуучулары ар кайсы жылдары англис тили, роман-герман филологиясы кафедраларынын курамында болуп келишкен. Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу 2014-жылдын 9-июнундагы ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин №286 буйругунун негизинде «Немис тили» кафедрасы болуп кайрадан түзүлгөн. Учурда кафедраны ф.и.к., доцент А.К. Кайкыбашева жетектейт.
Факультет аралык чет тилдер кафедрасы 1965-жылы факультеттер аралык англис тили кафедрасы катары түзүлгөн. Кафедра түзүлгөн күндөн тартып эле университеттин коом ичинде кадыр-барк алышына барандуу салым кошуп келүүдө. 2007-жылы кафедра дүйнөлүк тилдер факультетинин курамына кирип, англис тилинин практикалык курсу кафедрасы болуп өзгөргөн. 2023-жылдын 18-сентябрынан кафедранын аталышы “Факультет аралык чет тилдер” кафедрасы болуп өзгөртүлдү. Кафедраны 2001-2018-жылдары п.и.к., доцент Т.М. Сыдыкова, 2018-2025-жылдары п.и.к., доцент К.Т.Дуванаева жетектеген. Учурда кафедраны п.и.к., доцент Ч.А.Тыныбекова жетектөөдө.
Факультеттин материалдык-техникалык базасы жогорку окуу жайларга коюлуучу талаптарга жооп берет. Жаңы инновациялык технологияларды окуу-усулдук, илимий жана тарбиялык процесстерде колдонууга айрыкча басым жасалууда. Окутуучулар жана студенттер интернет булактарын лингафондук система катары онлайн интерактивдүү көнүгүүлөрдү аткарып, тексттерди угуп, котормо ыкмаларын өздөштүрүп, чет тилинде туура сүйлөөнү үйрөнүү боюнча өз алдынча иштерин аткаруу үчүн да пайдаланышат. Факультеттин окутуучулары, студенттери университетте жана Ош шаарында өткөн түрдүү эл аралык иш чараларда котормочу катарында катышып келишет. Мисалы, 2023-жылдын 26-29-апрелинде С.Ибраимова, А.Жумабаевалар Ош мамлекеттик университетинде эл аралык илимий уюм менен биргеликте Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү боюнча үчүнчү эл аралык илимий конференциясында котормочулук кылышкан.
Учурда факультеттин жамааты АКШнын, Улуу Британиянын, Франциянын, Германиянын Кыргызстандагы элчиликтери, «Акселс», «ДААД» сыяктуу эл аралык уюмдар менен активдүү иш алып барып, ар кандай семинар, конференцияларды уюштуруп келүүдө. Азыркы мезгилде факультет 50дон ашык чет өлкөлүк билим берүү мекемелери менен тыгыз байланышып, ар кандай эл аралык программаларга катышып келет.
Азыркы кезде факультеттин доценти С.Ш.Калыгулова Эразмус + долбоорунун алкагында Кыргызстанда жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча улуттук эксперт катарында да эмгектенип, Кыргызстандын ЖОЖдорунда семинар-тренингдерди өтүп келүүдө. Ошондой эле Англис тилинин окутуунун усулу кафедрасынын улук окутуучусу Б. Койлубаева АКШ элчилиги каржылаган “ACCESS scholarship program” аттуу бюджети 25307 $ түзгөн долбоорго катышып жатат, ошондой эле Койлубаева Б.К, Алымкулова С.Б. тарабынан “I am limitless” аттуу кичи грант утуп алышып, мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга англис тилин үйрөтүп келет. АКШ элчилиги каржылаган “English for Young Professionals” аттуу долбоор жалпы бюджети 24 847 $ түзөт, мында факультеттин окутуучулар тобу (А.Исмаилова, М.Назарова, Д.Мурзубраимова, Г.Эргешова, С.Ибраимова, Х.Абдурахманова, М.Исакова, Н.Наматова, Г.Каратаева) иш алып барышууда. Америка жана котормо таануу кафедрасынын башчысы А.Аипованын жетекчилиги алдында, кафедранын окутуучулары Ж.А. Асанова, Ж. Каримовалар ЮСАИД эл аралык уюму тарабынан каржыланган “Фермерлерден фермерлерге” долбоордун негизинде ОшМУ жана ОшТУнун лингвистика билим берүү программасынын студенттери үчүн “Бизнес-план” семинарын өтүп, мыкты жыйынтыктарга жетишти. Немис тили кафедрасынын окутуучулары тарабынан Фергана өрөөнү боюнча немис тилдүү студенттердин арасында ДААД программасынын каржылоосу менен 5000евро алкагында “Жайкы мектеп” долбоору жыл сайын аткарылып келет. Жыл сайын Гёте институту тарабынан уюштурулган конкурска немис тили кафедрасынын окутуучулары катышып, стипендияга ээ болушуп, төмөнкү окутуучулар Германиядан квалификациясын жогорулатып келишкен: Д.Пахирова (2017), А.Кайкыбашева.(2019).
Жогорудагы аты аталган долбоорлор билим берүүгө багытталгандыктан, долбоорлордун алкагында факультеттин окутуучулары ОшМУнун жана Ош шаарындагы бардык жогорку окуу жайлардын окутуучуларына, Ош шаары, Ош, Баткен, Жалал-Абад областарынын мектептеринин англис тили мугалимдерине, республикабыздын түштүк регионунун бюджеттик ишканалардын кызматкерлерине чет тили жана чет тилин окутуунун усулу боюнча сабактарды, семинар-тренингдерди уюштуруп жатышат.
Академиялык мобилдүүлүк боюнча факультетке келген чет өлкөлүк профессорлор жана тил адистеринин саны жыл сайын өсүүдө. Азыркы кезде АКШ элчилиги тарабынан каржыланган Фулбрайт программасы, Англис тили боюнча адистер (English Language Fellow), Гёте институту ж.б. уюмдар аркылуу чакырылган адистер факультеттин профессорлук-окутуучулук курамына жана студент-магистранттарга тренинг-семинарларды уюштуруп, сабактарга кошо кирип (co-teaching) жардам көрсөтүшөт. 2023-2024-окуу жылында АКШнын ТЕСОЛ окутуучусу Эрик Росалес Мартинес англис тили окутуучуларына усулдук семинар-тренинг жана вебинарларды өткөрүп келүүдө. 2023-жылдын октябрь айынан баштап Фулбрайт программасынын окутуучу-ассисстенти МакКенна Виртс студенттердин англис тилин өздөштүрүүсүн күчөтүү максатында “Сүйлөө жана кино клубдарын” жана окутууучулардын илимий изилдөөдө академиялык сабаттуулугун арттыруу максатында “Академиялык сабаттуулук” курсун өтүп жатат. Факультеттин окутуучусу А.Джумабаеванын демилгеси менен АКШнын Миссури университети, Масачусетс колледжи менен эки тараптуу академиялык мобилдүүлүк, конок лекция, семинар, тренинг, эл аралык конференция, квалификацияны жогорулаттуу курстары жаатында келишим түзүүүнүн аракеттери ишке ашып, Масачусетс колледжи менен биргеликте “US University Partnership” долбоорун ишке ашыруунун биринчи башаты катарында “ Ambassador” болуп 4-курстун студенти Эмма Слибек Уэлесли жана 3-курстун студенти Исаак Стейнмэр 2023-жылдын 16-сентябрында факультеттин студенттерине конок лекция өтүштү.
Факультеттен да сыртка жыл сайын ондогон окутуучулар жана студенттер академиялык мобилдүүлүкө чыгып келишет. Мисалы, 2023-жылдын февраль-март айларында факультеттин деканы Р.Ж.Сагындыкова Америка Кошмо Штатынын мамлекеттик департаментинин колдоосунун негизинде Кыргыз Республикасы үчүн “Санариптик доордо билим берүү” аттуу 1 айлык окуу долбоорунун алкагында АКШда Дж.Вашингтон, Түштүк Каролин, Айова университеттеринде тажрыйба алмашып кайтты. Англис тилинин фонетика жана грамматика кафедрасынын доценти С.Ш. Калыгулова 2023-жылдын июль айларында Италиянын Флоренция шаарынын Флоренция университетине DEFA долбоорунун негизинде ЖОЖдорду автономдоштуруу боюнча эл аралык конференцияга активдүү катышып сертификатка ээ болду. Доцент А.Акматова 2023-жылдын июль айында Улуу Британиянын Лондон, Бирмингем шаарларына Оксфорд, Астон университеттерине “Teaching English in a Digital World” аттуу эл аралык конференцияга катышып тажрыйба топтоп келди. Ушул эле кафедранын улук окутуучусу Г. Эргешова АКШнын Вашингтон шаарына “Integrating Social Emotional Learning into English Language Classroom” аталыштагы тажрыйба алмашуу программасынын 2 жумалык тренингине катышып келген. Америка таануу жана котормо кафедрасынын доценти А.Кулубекова жана окутуучу А.Джумабаева Франциянын Париж шаарына “Эл аралык Париж конгресине” доклад менен катышып сертификаттарга ээ болушту.
Факультетте биргелешип билим берүү программаларын ишке ашыруу жаатында бир топ иштер жүрүүдө. Казакстандын Евразия Улуттук университети менен 2021-жылы “Лингвистика” багытында кош диплом боюнча келишимдер түзүлүп, 2022-2023-окуу жылында 1-курска 13 студент, 2023-2024-окуу жылына 12 студент кабыл алынган. Ушул эле келишимдер боюнча “Филолологиялык билим берүү” багытына 2023-2024-окуу жылында 21 студент жана 2 магистрант Филологиялык кабыл боюнча кабыл алынган. 2022-2023-окуу жылынан баштап факультетте корей тили адистиги да ачылып, Бишкектеги Корея билим берүү департаменти тарабынан каржыланып, ар окуу жыл сайын студенттерге окуудагы жетишкендиктери үчүн 100-800 чейин АКШ доллары өлчөмүндөгү стипендияларды ыйгарат. Кореянын Седжонг институтунун профессору Сок Кюн О жана корей тили боюнча адис Канг Джеонг 2022-2023-окуу жылында эмгектенсе, 2023-2024-окуу жылында Конг Енг Сук жана Пак Бен Гван учурда факультетте бул багытта окуган студенттерге корей тилин үйрөтүп жатышат. Бул багытта окуган студенттерге Кореянын университеттерине академиялык мобилдүүлүктөн өтүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. 2023-жылдын июль айында факультеттин деканы Р.Ж.Сагындыкова Түштүк Кореянын Сеул, Инчхон шаарларына бүткүл дүйнөлүк корей тили окутуучуларынын жана жетекчилердин эл аралык конференциясына катышып тажрыйба алмашып келди.
Факультеттин студенттеринин сырткы мобилдүүлүгүнүн көрсөткүчү
|
Окуу жылы |
2018-2019 |
2019-2020 |
2020-2021 |
2021-2022 |
2022-2023 |
|
Жалпысы |
42 |
52 |
55 |
106 |
136 |
Факультетке мобилдүүлүк боюнча сырттан келген студенттердин көрчсөткүчү
|
Окуу жылы |
2018-2019 |
2019-2020 |
2020-2021 |
2021-2022 |
2022-2023 |
|
Жалпысы |
2 |
4 |
5 |
4 |
6 |
Факультеттин профессордук-окутуучулук курамдын сыртта стажировкадан өткөн, конок лекция окуган, семинар жана конференцияларда катышкан жалпы саны.
|
Окуу жылы |
2018-2019 |
2019-2020 |
2020-2021 |
2021-2022 |
2022-2023 |
|
Жалпысы |
25 |
22 |
31 |
36 |
46 |
Факультетке сырттан келип стажировкадан өткөн, конок лекция окуган, семинар жана конференцияларда катышкан профессордук-окутуучулук курамдын жалпы саны
|
Окуу жылы |
2018-2019 |
2019-2020 |
2020-2021 |
2021-2022 |
2022-2023 |
|
Жалпысы |
12 |
21 |
25 |
38 |
52 |
Факультет 70 жылга жакын тарыхында миңдеген жогорку билимдүү адистерди даярдап чыгарды жана өз бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктана алат. Айрымдарына токтоло кетсек: М.Е.Пан (1956-жылкы бүтүрүүчү) Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалими, чет тилдер факультетинин деканы болуп 27 жыл ишетеген (1957-1984). Арап Анарбаев (1963-ж.) филос.и.к., профессор, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, 1963-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ОшМУда окутуучу, ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, профессору болуп эмгектенип келүүдө. Ал 1986-1992-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы ОшМУ) ректору болуп иштеген. Кулназаров Арстан (1980-ж.) философия илимдеринин доктору, профессор, кафедра башчысы, факультеттин деканы, Кыргыз-Өзбек университетинин илимий иштер боюнча проректору кызматтарын аркалаган. Шаматов Дүйшөн (1996-жылкы бүтүрүүчү) Казакстандагы “Назарбаев университетинин” профессору, Кыргыз Республикасынын “Билим берүүнүн мыктысы”, Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигин “Алтынсарин” төш белгисинин ээси, Ош мамлекеттик университетинин “Ардактуу профессору”; Кенешбек Сайназаров (1995-ж.) “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” (Search for Common Ground) тынчтык куруу уюмунун Азия региону боюнча кеңешчиси, Өзбекстандагы Ташкент кеңсесинин директору, М.Алишова К.Карасаев атындагы БМУ профессор, ф.и.д., (1994-ж), Төлбаев Бабур (1997-ж.) “Мөлбулак” финансылык компаниясынын башкы директору, Р.Алишова Кыргыз-Турк Манас университетинин доценти ф.и.к.,(1998-ж), Осмоналиев Мирлан (1999-ж.) Агахан мектебинин сапатты камсыздоо боюнча координатору, Рахат Жолдошалиева (1998-ж.) Торонто университетинин докторантурасын бүтүргөн, UNESCO институтунун кызматкери, Ныяз Ташматов (2012-ж.) Лондондогу BBC телеканалынын журналисти.











