Максаты
ОшМУ НТИИ

Ош мамлекеттик университетинин Н. Исанов атындагы Нанотехнология жана жасалма интеллект институту

Нанотехнология жана Жасалма Интеллект Институтунун максаттары
1) Илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү
-наноматериалдар жана наноструктураларды изилдөө;
-композиттик материалдарды изилдөөдө жасалма интеллекттин моделдерин жана алгоритмдерин колдонуу;
-дебаланстык термелүүчү машина же мобилдүү роботтордун математикалык моделин изилдөөдө жасалма интеллекти колдонуу.
2) Инновациялык технологияларды жаратуу жана коммерциялаштыруу
-өндүрүш үчүн натыйжалуу технологияларды иштеп чыгуу;
-өндүрүмдүүлүктү жогорулатуучу жана чыгымды азайтуучу композиттик материалдардагы AI+Nano чечимдерди рынокко чыгаруу;
-патенттерди, прототиптерди жана пилоттук долбоорлорду түзүү.
3) Билим берүү жана кадрларды даярдоо -нанотехнология жана жасалма интеллект багытында адистерди окутуу;
-510200 “Колдонмо математика жана информатика” билим берүү багытындагы магистратура жана PhD докторантура денгээлдеринин программаларын колдоо;
-нанотехнология жана жасалма интеллект багытында докторанттар, магисттранттар жана студенттер үчүн лабораториялык практика жана долбоордук иштерди уюштуруу.
4) Эл аралык жана өлкө ичиндеги кызматташуу
-университеттер, технопарктар, R&D борборлор жана бизнес түзүмдөр менен өнөктөштүк түзүү;
-эл аралык долбоорлорго жана гранттарга активдүү катышуу.
5) Коомдук жана улуттук өнүгүүгө салым кошуу
-илимий-методикалык сунуштарды иштеп чыгуу;
-стабилдүү жана экологиялык таза технологияларды жайылтуу;
-санариптик трансформацияга көмөк көрсөтүү жана технологиялык коопсуздукту бекемдөө.