"Кыргыз унаа курулуш" ишканасына экскурсия
2025-жылдын 31-октябрь күнү ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин АД бөлүмүнүн окутуучулары Раева Жылдыз, Меңдибаев Дамирбек, Жеңишбек уулу Эрлан ТОРАТ жанаЭТЭА адистигинде билим алып жаткан 2-3-курстун студенттерди Ош шаарындагы "Кыргыз унаа курулуш" ишканасына экскурсияга алып барышты. Экскурсияда ишканалардын структуралык түзүлүшү, иштөө тартиби, материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты. Экскурсиянын максаты- окуу жай менен өндүрүштү байланыштыруу жана студенттердин окуу-таанышуу практикасынын алдында ишканалар менен таанышып, теорияда алган билимин практика менен айкалыштырып бышыктоо болду.
Көргөзмө сүрөттөр











