Academic Staff Mobility Program
2025- жылдын 19-20- декабрында ОшМУнун МФТИТ институтунун Жалпы физика жана ФОУ, ЭТФ кафедрасынын жамааты Өзбек Республикасынын Захридин Мухаммад Бабур атындагы Андижан мамлекеттик университетинде академик Сирожидин Зайнобидинновдун 85 жылдык юбилейине арналган “Нано өлчөмдөгү заманбап жарым өткөргүчтөрдүн микроэлектроникада колдонулушу” деген аталыштагы эл аралык илимий практикалык конференцияга катышып келишти. Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., М.Ж.Калбекова пленардык жыйында “Использование периодического граничного условия в пакете openfoam” деген темада баяндама жасады. Ошондой эле кафедранын улук окутуучу А. Эгемназарова окутуучу Калидин к.Т. семинарга активдүү катышып, илимий баяндама жасап жана АДУнун студенттерине «Эсептөө техникасынын өнүгүү тарыхы” деген темада конок лекция окуп тажырыйба алмашып келишти.
                        


2024-2025-окуу жылынын 23-апрелинен 30-апрелине чейин Ош мамлекеттик университетинин МФТИТ институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын окутуучулары ф.-м.и.к. Калбекова М.Ж., Макамбаева Ж.А, Молдоярова Ж.Б жана 550200 ФМББ. багытынын 1-курстарынын магистранттары, Кубатбек к У., Апсаматова Т.А. жана ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенттери, Абдиллаева Ш., Зергербаева Д.А. 510400 "Физика" багытынын 1-курсунун магистранты Шарипова Г.К. мобилдүүлүк боюнча Фергана мамлекеттик университетинин чакыруусу менен барып, физика кафедрасында окутуучуларына жана студенттерине конок лекцияларды окуп, сабактарга катышышып маалымат алмашып келишти.


2025-жылдын 13-16-февраль күндөрү МФТИТ институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к. Калбекова М.Ж., улук окутуучу Эгемназарова А.Ж ФерПИге иш сапары менен барышып, конок лекцияларды өтүп келишти. Физика предметинин бардык бөлүмдөрү боюнча лабораториялык кааналарында иш тажрыйбалары менен бөлүшүштү.


2025-жылдын 13-16-февралында ФерМУнун чакыруусу менен ОшМУнун МФТИТ институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к. Калбекова М.Ж., улук окутуучу Эгемназарова А.Ж. иш сапары менен барып келишти. Бакалавр адистигинин студенттеринин мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, алардын жатаканада жайгашуусу боюнча да сүйлөшүүлөр болду.