Кафедранын тарыхы
АССТ Кафедрасы

Автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар кафедрасы

Автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар (АССТ) кафедрасы алгач Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2001-жылдын 30-майындагы №8 протоколунун негизинде, ректордун 2001-жылдын 1-июнундагы №121 буйругу менен «Программалоо» кафедрасы деген аталышта негизделген.

2004-жылдын 8-декабрында Ош мамлекеттик университетинин ректорунун №265-А буйругуна ылайык, кафедрага жаңы аталыш берилип, «Информациялык технологиялар жана автоматташтырылган системалар» (ИТАС) кафедрасы болуп кайра түзүлгөн.

ИТАС кафедрасы Математика жана информациялык технологиялар факультетинин Окумуштуулар кеңешинин 2020-жылдын 28-августундагы №1 протоколунун негизинде, ректордун 2020-жылдын 17-сентябрындагы №127-буйругу менен «Автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар» (АССТ) кафедрасы болуп кайра өзгөртүлгөн.

Кафедра уюшулган күндөн баштап, ф.-м.и.к., доценттер Кыбыраев Абдыкалы Оморович, Осмоналиев Абдикамил Бурканович, Чамашев Марат Какарович, Молдояров Уларбек Дүйшөбекович кафедраны жетектеп келген.

ф.-м.и.к., доцент
Кыбыраев А.О.
2001-2009
ф.-м.и.к.-доцент
Осмоналиев А.Б.
2009-2014
ф.-м.и.к.-доцент
Чамашев М.К.
2014-2020
ф.-м.и.к.-доцент
Молдояров У.Д.
2020-2023
т.и.к., доцент
Кудуев А.Ж.
2023-жылдан баштап

1-сүрөт. АССТ кафедрасын жетектеген кафедра башчылары

2023-жылдын 28-августунан баштап автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар кафедрасынын башчысы болуп, техника илимдеринин кандидаты, доцент Кудуев Алтынбек Жалилбекович жетектеп келүүдө.

Кафедранын максаты: жаңыча ой жүгүрткөн, инновациялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү IT адистерин даярдоо жана санариптик технологиялар аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу.

Кафедранын миссиясы: IT-технологияларды жайылтуу аркылуу коомдо жаңыча ой жүгүртүүнү калыптандырып, санариптик келечекти бирге түзүү.