ОшМУнун ППС академиялык мобилдүүлүгү
Акыркы 5 жыл ичинде ОшМУнун окутуучулары академиялык мобилдүүлүк программаларына жана программалардан тышкары жеке демилгеси менен (конок лекциялар) катышып келишет
Талас менен маданий алмашуу
Президентибиздин ынтымак саясатынын негизинде Ош шаардык мэриясы тарабынан уюшулган достук кербени менен биргеликте Оштон Таласка маданиятыбызды өркүндөтүү менен саякатка чыгып келген.
Тольяттидеги конференция
МИТ факультетинин доценттери Т.М. Папиева, Ж.А. Артыкова жана Н.С. Беделовалар Россия Федерациясынын Тольятти шаарында "Математика. Образование. Культура" аттуу эл аралык илимий конференцияга катышты.
Москвадагы конференция
МИТ факультетинин доценттери Т.М. Папиева, Ж.А. Артыкова жана Н.С. Беделовалар Москва педагогикалык мамлекеттик университетинде болуп өткөн В.Т. Базылевдин 100-жылдыгына арналган "Классическая и современная геометрия" аттуу конференциясына катышты.
Германиядагы Erasmus+ программасы
"Erasmus+" программасы боюнча "KYRMedu" долбоорунун алкагында инструкторлорду даярдоонун жыйынтыктоочу семинарына Ош МУнун "ИТАС" кафедрасынын окутуучулары Гүлнара Сейитказыева жана Айзада Ажибекова катышты.
Турциядагы делегация
Сейитказыева Гүлнара эжекебиз Турция мамлекетинин Кастамону университетине делегация болуп барып келди.
Индиядагы ITEC программасы
ИТАС кафедрасынын доценти Рахат Атырова "ITEC" программасынын алкагында Индиянын Мумбаи шаарында 2 айлык мөөнөттөгү тажрыйба алмашуу иш сапарында жүрөт.
"Санарип Кыргызстан" форуму
ИТАС кафедрасынын башчысы Чамашев Марат Какарович «Санарип Кыргызстан» аталышындагы маалыматтык технологиялар форумуна катышты.
Өзбекстандагы делегация
Сейитказыева Гүлнара эжекебиз Өзбек Республикасынын Андижан мамлекеттик университетине делегация болуп барып келди.
Бишкектеги Erasmus+ семинары
ИТАС кафедрасынын доценти Беделова Нургуль, улук окутуучусу Сейитказыева Гүлнара, окутуучу Токтосун Кызы Мээримгүл Бишкек шаарына Erasmus+ программасынын алкагында уюшулган "Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоодогу информациялык системалар" аттуу семинарга катышты.
Германияда квалификацияны жогорулатуу
ИТАС кафедрасынын башчысы Чамашев Марат Кахарович Германиядагы Цвиккау Батыш-Саксониялык колдонмо илимдер университетинде квалификациясын жогорулатып келди. Ошондой эле Лейпциг университетинин Информатизация жана уюштуруу факультетинде, Хорватиянын Ворождин, Лейпциг шаарларында болуп келди.
Кытайда окуу
ИТАС кафедрасынын улук окутуучусу Сейитказыева Гүлнара эжекебиз Кытай мамлекетинин Цинзянь педагогикалык университетине 2 жумалык окууга барып тажрыйба алуу менен бирге сертификатка ээ болуп кайтты.
Академиялык мобилдүүлүктүн жыйынтыктары
Акыркы 5 жыл ичинде ОшМУнун окутуучулары академиялык мобилдүүлүктүн 13төн ашык иш-чараларына катышты, анын ичинде:
- Россия, Германия жана башка өлкөлөрдөгү эл аралык конференциялар
- Квалификацияны жогорулатуу программалары (Erasmus+, ITEC)
- Турция, Өзбекстан, Кытай университеттерине делегациялык визиттер
- IT-форумдарга жана семинарларга катышуу
- Кыргызстан ичиндеги маданий алмашуулар
Академиялык мобилдүүлүк программаларына активдүү катышуу тажрыйба алмашууга, окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга жана университеттин эл аралык байланыштарын чыңдоого өбөлгө түзөт.











