Студенттердин жетишкендиктери
МИТ факультетинин окууда, илимде жана сынактарда мыкты натыйжаларды көрсөткөн мыкты студенттери
Тилебалдыева Буайша — Кыргызстандын мыкты студенти 2023
МИТ факультетинин ПОВ(б)-2-21 тайпасынын студенти Тилебалдыева Буайша «Кыргызстандын мыкты студенти 2023» республикалык сынагынын жеңүүчүсү болуп, Ардак грамота жана төш белги менен сыйланды. Сынак Кыргызстандын жаштар конгресси жана Салымбеков Университетинин колдоосу менен өткөрүлөт.
Студент Аширова Аяна — университеттер аралык олимпиаданын жеңүүчүсү
Жалал-Абад мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн аймактык IX университеттер аралык студенттик олимпиадада Аширова Аянанын (ПИ(б)-2-21(р) тайпасы) жана Вайдуллаев Данилдин командасы информатика предмети боюнча I орунду ээледи. Жетекчиси — АССТ кафедрасынын окутуучусу Абдикутузов Байыш Абдикутузович.
Студент Камалов Тагайбек — АССТ олимпиадасынын байге ээси
АССТ кафедрасы тарабынан ПОВТАС, АСОИУ, ПИ адистиктеринин студенттери үчүн өткөрүлгөн олимпиаданын жыйынтыгында ПОВ(б)-2-19(р) тайпасынын студенти Камалов Тагайбек 1-орунду ээледи. Жеңүүчүлөр "ITadis" окуу борборунан жалпы суммасы 140,000 сомго сертификаттарга ээ болушту.











