Ачык сабактар
Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын доценти З.И.Омаралиева 2026-жылдын 18-февралында саат 15:00до 207-каанада МФО(м)-1-24 тайпасына "Физика курсун окутууда физикалык чоңдуктардын аналогиялык таблицаларын пайдалануунун методикасы" деген темасында ачык сабак өттү. Сабакка кафедранын окутуучулар катышып, сабак өз максатына жетти.Протоколу; Ачык лекция

         


Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын башчысы М.Ж. Калбекова 2026-жылдын 24-февраль күнү саат 08:00до 234- каанада ФЕ(б)-1-25 тайпасына “Долбоордук практикум” дисциплинасынан "Жасалма интеллектти колдонуу аркылуу долбоордук өтүнмөнү иштеп чыгуу” темасы боюнча ачык лекциялык сабак өттү. Сабакка жаш мугалимдер жана институттун мугалимдери катышышты.

                        


Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын окутуучусу Ж. Молдоярова 2026-жылдын 17-февраль күнү саат 11.40та №204- каанада ФМО(б)-1-23 тайпасына “Физиканы окутуу методикасы” дисциплинасынан «мектептик физикалык демонстрациялык эксперимент. Түрдүү чөйрөдөгү электр тогу” темасы боюнча МФТИТ институтунун Окуу-методикалык кеңешинин эксперттик тобуна ачык практикалык сабак өттү.


Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын 2025-2026-окуу жылынын I семестринде өтүлүүчү ачык сабактардын планы