ППС
2026-жылдын 8-январь күнү Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан шаардын мектептеринин физика мугалимдерине Январь усулдук окуусу уюштурулду, мында МФТИТ инстититунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын улук окутуучусу, ф.-м.и.к. Калбекова М. Ж., окутуучу Молдоярова Ж.Б. “12 жылдык билим берүүгө өтүү шартында виртуалдык лабораториялык иштерди уюштуруунун тажрыйбалары” темасында орус жана кыргыз тайпалары үчүн семинар өтүп келишти, семинарда физика предметинен кошумча аткарылуучу виртуалдык лабораториялык иштердин платформалары сунушталды, семинарга 70тен ашык физик мугалимдер катышышты


Конок лекция 2025-жылдын 11- ноябрында ОшМУнун МФТИТ институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасы тарабынан 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын "физика" профилинин 1-2-курстун магистранттарына, бакалавр багытынын 3-4-курстун студенттери үчүн Мирзо Улукбек атындагы Өзбекстан Улуттук университетинен Физика факультетинин Жалпы физика кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору, Мирзаахмад Курбанов “Физика боюнча билим берүүнүн мазмунун жана сапатын жогорулатуунун заманбап ыкмалары” деген темада онлайн форматта конок лекция уюштурулду. Сабакта магистрант, студенттер тарабынан суроо-жооптор талкууланып, лекция жандуу жана кызыктуу болуп, өз максатына жетти.









      

Жалпы физика жана ФОУ, ЭТФ кафедралары тарабынан уюштурулган ф.-м.и.д., профессор кыргыз илимин коомчулукка тааныткан коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев “Физика илиминин азыркы учурдагы абалы” деген темада ОшМУда онлайн лекция өттү. Онлайн лекцияга МФТИТ институтунун директору, доцент Б. А. Азимов, физик окмуштуулар, магистрлер, 2-3-4-курста окуган физик студенттер жана Ош шаарынын, Кара-Суу, Ноокат районунун физик мугалимдери катышты. Онлайн лекцияда профессор Каныбек Осмоналиев азыркы физика илиминин 6 жетишкендиктерине кеңири токтолуп, угуучулардын суроолоруна жооп берди.










2024-жылдын 22-май күнү ОшМУнун "Заманбап окутуучусу" конкурсунун катышуучусу окутуучу Бекжан кызы Гүлайым Заманбап окутуучу "Атомдук физика. Атомдун ядролук модели. Бордун кванттык постулаттары" деген темада ИСТ(б)-1-22 тайпасына ачык-практикалык сабакты эксперттер тобуна өтүп берди.







Чет мамлекеттик өнөктөштөр менен жолугушуу       

2024-жылдын 31-май күнү саат 14:30 да 207-аудиторияда ОшМУнун 85 жылдыгынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Фергана политехникалык институтунун “Физика” кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д. профессор Юлдашев Насирдин Хайдарович жетектеген эмгек жамааты менен окуу жайдын Жалпы физика жана ФОУ, ЭТФ кафедраларынын жалпы жамааты, студенттери жана магистранттарынын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда ар кандай маселелер талкууланып, студенттер өздөрү кызыккан суроолоруна жоопторду алышты.
                        




2024-жылдын 31-май күнү ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата МФТИТ институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын ф.-м.и.к., доценти Жолдошбай Эгембердиев көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү жана илим тармагына кошкон салымы жаш муундарды окутуп-тарбиялоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын министрлер комитетинин ардак грамотасы менен сыйланды. Агайга ден соолук, үй бүлөлүк бакыт жана иштерине ийгилик каалайбыз.
                        




Ош мамлекеттик университетинде КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Мейликан Алтыбаеванын 75 жаш кутман курагына жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 55 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияда жалпы физика жана физиканы окутуунун усулу кафедрасынан улук окутуучу А.Ж. Эгемназарова “Физиканы окутууда санариптик технологияны колдонуу”, окутуучулар Ж.Б. Молдоярова “Физиканы окутууда электрондук окуу куралдарынын өзгөчөлүктөрү жана мүмкүнчүлүктөрү”, Ж.А. Макамбаева “Физиканы окутууда компьютердик виртуалдык лабораториялардын орду” деген темада доклад окушту. Докладдар боюнча кызуу талкуу болду.




2024-жылдын 31-май күнү ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата МФТИТ институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын ф.-м.и.к., доценти Жолдошбай Эгембердиев көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү жана илим тармагына кошкон салымы жаш муундарды окутуп-тарбиялоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын министрлер комитетинин ардак грамотасы менен сыйланды. Агайга ден соолук, үй бүлөлүк бакыт жана иштерине ийгилик каалайбыз.