Катышуучулар:
2025-жылдын 6-ноябрь күнү ОшМУнун Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын “Илимий иштерге” жооптуу кызматкерлери п.и.к., доцент М. Жуманова жана окутуучу Ж. Молдоярова тарабынан “Илим” күнүнө карата “Физикалык билим берүүдөгү илимий изденүүлөр жана жаңычыл ыкмалар” аттуу студенттик илимий конференция уюштурулуп өткөрүлдү, мында 550200 физика-математикалык билим берүү багытынын “физика” профилинин магистратура жана бакалавр бөлүмүнүн студенттери катышып жалпысынан 26 доклад катталды жана магистратура, 16 бакалавр 10 студент болуп бөлүнүп 2 секцияда баяндамалар угулуп талкууланды. Секциялык иштердин протоколу тиркелет
Программа илим күнүнө
протоколу
"Физика жаңырыгы" аттуу студенттик илимий-методикалык ийримдин 2025-2026-окуу жылы үчүн иш планы550200 "Физика-математикалык билим берүү багытындагы "Физика" профилинде окуган 3-курс ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенттери тарабынан кафедранын окутуучусу доцент М.Жуманованын жетекчилиги астында сентябрь - октябрь айлары үчүн дубал гезити чыгарылды
550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын "Физика" адистигинде окуган студенттер арасында «Физика жанырыгы» атту дубал газет стендди чыгаруу боюнча ийрими ар бир эки айда иштелип чыгат. Буга чейин 1-2-3-курсттардын стенддери жарык көрүп, 4-курстардын дубал газетасы май айында чыгат.

«Камертон» ийримине катышкан студенттер ар жуманын экинчи жана төртүнчө күндөрү келип сабактарга демонстрацияларды жасашат.

"Физика жаңырыгы" ийрими
550200 "Физика-математикалык билим берүү багытындагы "Физика" профилинде окуган 1-курс ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенттери тарабынан кафедранын окутуучусу доцент М.Жуманованын жетекчилиги астында март-апрель айлары үчүн дубал гезити чыгарылды
Студенттер арасында өткөрүлгөн "Кыргызстандын мыкты студенти - 2023" республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү, Ош мамлекеттик университетинин Физика-техника факультетиниин студенттери Апсаматова Тумариза жана Кубатбек кызы Уулкан дипломдор менен сыйланышты.

Студенттик олимпиада
2024-жылдын 20-апрелинде Ош технологиялык университетинде ХI аймактык университеттер аралык студенттик олимпиада болуп өттү. Бул Олимпиадага 550200 Физика-математикалык билим берүү "Физика" профилинде окуган студенттер катышып, төмөнкү дисциплиналар боюнча байгелүү орундарга ээ болушту. физика (профиль) ФЕ(б)-1-21 тайпасынын студенттери: 2-орун Абдилла кызы Орозгүл 3-орун Сабирова Самара багыныдырышты. Кыргыз тили жана адабияты (улантуучу) ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенти Абдиламитова Акылай 1-орунду ээледи.
2024-жылдын 22-апрель күнү Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда ОшМУнун 85 жылдыгына арналган "Математиканын, физиканын, техниканын жана информациялык технологиялардын актуалдуулугу жана физика, математика, информатика мугалимлерин даярдоодогу акыркы тенденциялар" аталышындагы илим жумалыгында А. Эгемназарованын жетекчилиги астында мыкты баяндама жасап 2-орунду ээлегендиги үчүн ФЕ(б)-1-20 тайпасынын студенти Апсаматова Тумариза 2-даражадагы диплом менен сыйланды.

2024-жылдын 27-май күнү 550200 "Физика-математикалык билим берүү" багытындагы "физика" профилинде окуган ФЕ(б)-1-20 тайпасынын студенттери квалификациялык жумуштарын алдын ала коргоо учурунда.

Бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу
2024-жылдын 30-май күнү саат 14:30 да 209 аудиторияда ОшМУнун 85 жылдыгынын алкагында физика адистигин бүтүргөн бүтүрүүчүлөр, Кувейт университетинин физика кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор Дөөлөтбай Бабаев жана Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү адиси, п.и.к., доцент Бибисара Мурзуибраимова менен окуу жайдын Жалпы физика жана ФОУ, ЭТФ кафедраларынын жалпы жамааты, студенттери жана магистранттарынын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда физиканы окутуунун көйгөйлөрү, сааттарды көбөйтүүнүн жолдору талкууланып, студенттер кызыктырчу суроолоруна жооп алышты.
2024-жылдын 13-14-июнь күндөрү Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын 550200 физика - математикалык билим берүү багытынын "физика" профилинде окуган ФЕ(б)-1-20 тайпасынын 4-курсунун студенттери мамлекеттик аттестациялык экзамендерин жана квалификациялык жумуштарын ийгиликтүү коргошуп, бакалавр даражасына ээ болушту.
16-декабрь Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун (МФТИТИ) Жалпы физика жана ФОУ кафедрасы тарабынан англиялык улуу физик Исаак Ньютондун туулган күнүнө карата "Азыркы физиканын атасы-Исаак Ньютон" аттуу студенттик илимий конференция өткөрүлгөн.Бул иш-чара доцент Жуманова М.М тарабынан демилгеленип, ОшМУнун "Нур" гезитине жарык көрдү.
ОшМУнун Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасы тарабынан Улуу физик Исаак Ньютондун туулган күнүнө карата уюштурулуп жаткан «Азыркы физиканын атасы – Исаак Ньютон» аттуу студенттик илимий конференция болуп өттү, мында 550200- физика-математикалык билим берүү багытынын “физика” профилинин 1-курсу толук жана 2-3-4-курстун студенттери тарабынан даярдалган физика боюнча тажрыйбалар, макеттер, баяндамалар угулуп, талкууланды, конференцияга Институттун директору Б. Азимов, орун басарлары Т. Матисаков, Д. Пакалбай уулу катышып, мыкты баяндама, макет, тажрыйбаларга кызыктыруучу сертификат, дипломдор ыйгарылды.
Студенттик илимий конференциянын программасы
Студенттик олимпиада
2024-жылдын 20-апрелинде Ош технологиялык университетинде ХI аймактык университеттер аралык студенттик олимпиада болуп өттү. Бул Олимпиадага 550200 Физика-математикалык билим берүү "Физика" профилинде окуган студенттер катышып, төмөнкү дисциплиналар боюнча байгелүү орундарга ээ болушту. физика (профиль) ФЕ(б)-1-21 тайпасынын студенттери: 2-орун Абдилла кызы Орозгүл 3-орун Сабирова Самара багыныдырышты. Кыргыз тили жана адабияты (улантуучу) ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенти Абдиламитова Акылай 1-орунду ээледи.
Предметтик олимпиадага жооптуулар:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрүү" боюнча буйругуна ылайык 2023-жылдын 27-28-февралында Ош областтык мектептер аралык олимпиадага калыстар тобунун курамына кафедранын окутуучулары: Эгемназарова А.Ж., Макамбаева Ж.А., Молдоярова Ж.Б. жана Бекжан кызы Гүлайым барып катышышты
Предметтик олимпиадага жооптуулар:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрүү" боюнча буйругуна ылайык калыстар тобунун курамына кафедранын төмөнкү окутуучулары барып катышышты:











