Студенческие конференции
2024-жылдын 30-октябрында өткөрүлгөн ОшМПУда Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгү 100 жылдыгына жана физика-математика илимдеринин доктору, профессор Тайиров Миталип Муратовичтин 70 жылдыгына карата “Студент жана инновациялык технологиялар” аталышындагы студенттердин аймактык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Аталган конференцияда мазмундуу баяндама окугандыгы үчүн Ош мамлекеттик университетиндеги МФТИТ институтунун ПОВ(б)1-21 тайпасынын студенти Абдувалиев Мунар I даражадагы диплом жана сертификат менен сыйланды.


2023-жыл


“Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу X юбилейлик аймактык студенттик илимий конференциянын ПРОГРАММАСЫ (2023-жыл үчүн)

I секциянын_протоколу

II секциянын_протоколу

III секциянын_протоколу

IV секциянын_протоколу

V секциянын_протоколу

ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ РОБОТ-МАШИНА ЖАСАШТЫ
Ош мамлекеттик университетинде 2023-жылдын 25-ноябрында өткөрүлгөн “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу X юбилейлик аймактык студенттик илимий конференцияда МИТ факультетинин студенттери Абдиллаева Нурзада Чынбердиевна, Манапов Алишер Зулфидинович, Бакиров Мухамедалы Сабырбековтор “Жеткиликтүү материалдардан чынжыр дөңгөлөктүү робот-машинаны жасоо” аттуу темада пленардык кеңешмеде баяндама жасашты. Баяндамачылар азыркы мезгилде актуалдуу болуп жаткан темада баяндама жасашып, эң жөнөкөй күнүмдүк колдонуучу бөтөлкөнүн капкагынан жана майда тетиктерден мыкты деңгээлде иштеген, адам барууга татаал болгон жерлерди изилдөө үчүн робот-машинанын макетин жасашты. Манапов Алишер: “Технология өнүккөн дүйнөдө биз роботту жасоого адаттан тыш көз караш менен мамиле кылууну чечтик. Кымбат баалуу компоненттерге кайрылбастан, баарына оңой табыла турган күнүмдүк буюмдарды колдондук. Бул долбоордо бир гана функционалдуу роботту жасабастан, студенттерди жана энтузиасттарды минималдуу чыгым менен өз идеяларын ишке ашырууга шыктандырууну көздөдүк.”



Список совместных статей студентов за последние 3 года


2026-жылдын 4-апрелинде ОшМУда IT тармагындагы эң маанилүү TechSummit Osh 2026 иш чарасы өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2026-жылдын 19-март күнү 4-апрелди жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын Санариптик кызматкерлер күнү деп белгиледи. Бул майрамга дал келген IT тармагындагы эң маанилүү TechSummit Osh 2026 иш чарасына ИСП кафедрасынын доценттери Көчкөнбаева Б.О., Сатаров А., окутуучулары Карабаев С., Каланова А. катышты жана уюштуруу иштерине жардам беришти. Саммиттин жүрүшүндө студенттер жана магистранттар үчүн пайдалуу лекциялар, мастер класстар көрсөтүлдү.

⬅ Листайте вправо или влево ➡


html Instagram карусель с 10 фото