26-27-март күндөрү Кытай Эл Республикасынын Нанкин технологиялык институтунан делегация келди.
Делегациянын курамы:
1. Хуанг Вей, Информациялык инженерия факультетинин деканы;
2. Чжу Хао, Байланыш тармактары жана жасалма интеллект факультетинин деканы;
3. Ли Давей, Big Data бөлүм башчысы;
4. Хан Чжэчжэ, Жасалма интеллект бөлүм башчысы.
2025-жылдын 7-мартында "Элкат-Ош" компаниясынын Оштогу филиалынын
техникалык директору Дадаханов Тимур Ибрагимович МФТИТ институтунун
студенттерине "Информациялык системаларды жана байланыш тармактарын
администрлөө" аталышындагы конок лекция окуду. Лекция 510700 Информациалык
системаларды маалыматтык камсыздоо жана администрлөө, 710400 Программалык
инженерия жана 710100 Информатика жана эсептөө техникасы багыттарынын
студенттерине арналды.
Конок лекцияда информациялык системалар жана алардын башкарылышы, ошондой
эле байланыш тармактарынун өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди.
Студенттер тарабынан кызыктуу суроолор берилип, теориялык билим менен
практикалык колдонулуштардын өз ара байланышын түшүндүрдү. Бул иш-чара
МФТИТ институтунун студенттери үчүн маанилүү тажрыйба болуп, келечектеги
профессионалдык иштерине таасир этүүчү мүмкүнчүлүк болду.
01.09.2024. МГУнун Ф.-м.и.доктору Родкин Михаил Вдадимирович
конок лекция окуду. Жолугушууда институттун профессордук окутуучулук курамы, информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрациялоо адистигинин студенттери катышты.
2025-жылдын 14-март күнү, МФТИТ институтунда Плимут университетинин (Plymouth University) бүтүрүүчүсү, робототехника жана машиналык окуу боюнча адис Аскар Сулаймановдун "Робототехника жана жасалма интеллекттин актуалдуулугу" темасындагы онлайн-конференциясы өттү. Аскар Сулайманов, азыр Лондондо машиналык окутуу инженери болуп иштеп жаткан адис, робототехниканын азыркы күндөгү жашообуздагы мааниси, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги тууралуу баяндама жасады. Конок лекцияга 510700 информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрлөө багытынын студенттери да катышып, аталган темадагы актуалдуу маселелер боюнча кенен маалымат алышты.
29.11.2024-жыл. МФТИТ институбузга
Ш. Уалихан атындагы Кокшетау университетинин асс.
профессору Г. Калман конок лекция окуду.
Лекциянын темасы "Компьютерная лингвистика: возможности и проблемы автомизированного создания многоязычных текстовых корпусов".
МФТИТ институбуздун окутуучулуры, студенттери,
магистарттары, аспиранттары катышышты.











